Flag of Kyrgyz Republic

Демократия, адам укуктары жана мамлекеттик башкаруу

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

trash collection in darkhan village - kyrgyzstan
USAID 1990-жылдардын башынан тартып, Кыргызстан советтик республикадан көз карандысыз демократиялык мамлекетке өтүүсүн колдоп келет. Бул мезгил ичинде, өлкө 2005 жана 2010-жылдардагы эки революция менен аяктаган авторитаризм өкүм сүргөн учурду башынан өткөрдү. Андан бери жалпы өкмөттөгү айкындуулукту жана ачыктыкты камсыздоо максатында учурдагы парламенттик тутум киргизилди.     

Бүгүнкү күндө биз демократиялык институттарды коргоо боюнча иш алпарган субъектилер менен институттарга жардам беребиз, адам укуктарына колдоо көрсөтөбүз, ошондой эле адилет шайлоо өткөрүүгө жардам беребиз.

Анын ичинде, саясий процесстерди өркүндөтүү, саясатты калыптандыруу жана кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди колдойбуз. Биз муну Кыргызстандын жарандык коому жана өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта, ошондой эле эл аралык коомчулук менен биргеликте ишке ашырабыз.

Биз таза шайлоону камсыздоо үчүн Кыргызстандын шайлоо органдарынын жетекчилиги менен өнөктөш катары иштешебиз. Жарандык коом жана Парламент менен биргеликте чечим кабыл алуу процессинин айкындуулугун, ошондой эле жарандарга маалымат алуу жеткиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатабыз.

Кыргызстандагы жарандардын сот адилеттигине жана мыйзам үстөмдүгүнө жетүүсүн жакшыртуу өлкөнүн туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн абдан маанилүү болуп саналат. USAID коррупцияны кыскартуу жана бардык тараптар үчүн адилеттүүлүктү камсыздоону жакшыртуу максатында соттордогу реформаларга да колдоо көрсөтөт.

Бул өзүнө коомчулукка соттук чечимдер жана териштирүүлөр жеткиликтүү болушун кеңейтүүнү, ошондой эле соттук иштерди бөлүштүрүүнүн автоматташтырылышын камтыйт.  

Жергиликтүү деңгээлде биздин программалар жергиликтүү бийлик органдарына кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, жарандардын күткөн нерселери жүзөгө ашырылуусун жакшыртып, регионалдык өнүгүүнү колдоого алган чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт.

USAID ошондой эле адам укуктарынын бузулушуна мониторинг кылган жана алардын укуктарын коргогон укук коргоочулар менен уюмдарды колдоого алат. Андан тышкары,  мамлекеттик жана жеке медиаресурстар менен иштешип, алардын бутуна турушуна жана адамдарга ишенимдүү, көз карандысыз, ошондой эле ар түрдүү маалымат булактары жеткиликтүү болушун камсыздоого көмөктөшөт.

USAIDдин демократия, адам укугу жана башкаруу боюнча долбоорлору

ЖАБЫЛГАН ДОЛБООРЛОР: