Flag of Kyrgyz Republic

Билим берүү

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Kids reading in Kyrgyzstan

990-жылдарда Советтер Союзу ураганга чейин Борбордук Азия республикалары көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Анын ичинде чоң адамдардын бардыгы сабаттуу болгон, орто мектепти аяктагандардын саны, окуучулардын математика жана табигый илимдер боюнча билим деңгээли жогору, мектепте окубай калгандардын саны өтө төмөн болгон.

Анткен менен 1991-жылы эгемендүүлүккө жетишкенден тартып Кыргыз Республикасы жарандарынын билим алууга болгон керектөөлөрүн канааттандырууда кыйла кыйынчылыктарга дуушар болду. Дээрлик отуз жылдан кийин, каржылоонун жетишсиздиги, материалдардын эскириши, инфраструктуранын эскириши жана мугалимдердин кесиптик дараметинин чектелүү болушу сыяктуу көрүнүштөрдүн кесепети катары жаштардын арасында сабаттуулук деңгээли абдан түшүп кетти. 2014-жылы төртүнчү класстагы окуучулардын 35 пайызы гана төртүнчү класстын окуучусунун деңгээлинде окуй ала тургандыгы аныкталган.   

USAID өмүр бою ийгиликтүү билим алуу үчүн негиз түзүү максатында жалпы Кыргызстан боюнча балдардын эртелеп окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

2014-жылдан тартып биз окуучулардын окуу көндүмдөрүн арттыруу үчүн мугалимдер, мектеп администрациялары жана үй-бүлөлөр менен иш алпарабыз. Биз өлкөдөгү бардык мамлекеттик башталгыч мектептерди камтый алдык. Аларда жалпысынан 450 миң бала билим алат. USAID өзгөчө муктаждыктары бар балдардын жана этностук азчылыктардын өкүлдөрүнүн балдарынын сапаттуу билим алууга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган инклюзивдик билим берүү боюнча иш-аракеттерди колдоого алат.

USAID ошондой эле Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америкалык Университетке да жардам берип, анын региондогу интеллектуалдык борбор болуп калышына көмөк көрсөтүүдө.

USAID билим берүүнү башкаруудагы педагогикалык институттарды жана каржылык реформаларды колдоодо маанилүү ролду ойнойт жана математика, тил жана тарых боюнча заманбап окуу программаларын ишке киргизүүгө жардам берет.

USAID менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын көрүнүктүү натыйжаларынын бири катары жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) пайда болушун айтса болот. USAIDдин техникалык жардамы менен инновациялык жана көз карандысыз тестирлөө тутумун түзүү мүмкүн болду. Аталган тутум орто мектептердин бардык бүтүрүүчүлөрү үчүн алган упайларына жараша жогорку билим берүү бирдей жана адилеттүү негизде жеткиликтүү болушуна шарт түзөт. 2012-жылдан тартып жалпы республикалык тести (ЖРТ) өлкөнүн мамлекеттик жана жеке университеттерине тапшырган бардык жарандар үчүн милдеттүү болуп саналат.  

Билим берүү жаатындагы USAIDдин долбоорлору:

Жабылган долбоорлор: