Flag of Kyrgyz Republic

Гэри Линден, Миссия директору

Тил: Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Gary Linden

Гэри Линден USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жетекчиси.

Кыргыз Республикасына келгенге чейин, Гэри Линден Вашингтондо USAID-дин азык-түлүк коопсуздугу боюнча бюросунда жетекчилик орундарда кызмат кылган. USAIDдин Администраторунун орун басарынын башкы жардамчысынын милдетин аткарып жана өлкө стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча бөлүмдү баштап келген. 2013 - 2015-жылдары Эфиопиядагы USAID өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары катары кызмат өтөгөн.

2012- 2013-жылдарда ал USAIDдин Экономикалык өнүгүү, билим берүү жана айлана-чөйрөнү коргоо бюросунда USAID Администраторунун орун басарынын жардамчысынын милдетин аткарды. Буга чейин, ошол эле бюродо экономикалык өсүш жана экономикалык саясат бөлүмдөрүн жетектеп келет. Ал USAIDдин дүйнө боюнча өкүлчүлүктөрүнө экономикалык натыйжалуулук анализин киргизүү жана ошондой эле агентствого өсүү диагностикасын ишке киргизүү маселелеринде иштеген.

Линден мырза Молдовада USAID өкүлчүлүгүн жетектеп, ал эми Борбор Азия жана Украина регионалдык өкүлчүлүктөрдө экономикалык өсүү боюнча бөлүмдөрдү жетектеп, Никарагуадагы миссияда экономист болуп кызмат кылган.

Гэри Линден Помона колледжинин эл аралык мамилелер боюнча бакалавр билим даражасына ээ. Остин шаарындагы Техас университетинен Латын Америка таануу магистри жана экономика боюнча докторлук даражаларга да ээ. Испан жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.