Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Алар ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19 айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет.
25-11-2020

АКШнын Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүүдө көмөктөшүү алкагында, 25-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй облусунда жана Ошто жайгашкан беш ооруканага алты жогорку өндүрүмдүү кычкылтек концентраторун орнотту. Алар ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19 айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет. Бул жабдууну расмий тапшыруу аземи АКШ элчиси Дональд Лунун катышуусу менен бүгүн онлайн режиминде өттү. 

Бул чаралар COVID-19-га байланыштуу карантиндик шарттарда Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө жооп катары иштелип чыкты.
25-11-2020

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 1,5 миңден ашык адамдарга жарандык коомдун уюмдары социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүштү.

АКШ жакында Кыргыз Республикасында боло турган шайлоолорду колдоо үчүн каржы бөлүп берет
12-11-2020

Бүгүн, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу АКШнын Кыргыз Республикасында боло турган Президенттик жана Парламенттик шайлоолорго, кыргыз эли өзүнүн бийликтеги өкүлдөрүн шайлап алуусу үчүн, өз убагында жардам көрсөтүү ниетин билдирүүдө.
 

Маалымдамада Казакстандан, Кыргыз Республикасынан, Тажикистандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан чыккан 120дан ашык жашылча-жемиш экспортоочулар берилген.
27-10-2020

АКШ Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Борбор Азиядан чыккан айыл чарба өндүрүмдөрүн жаңы рынокторго илгерилетүүгө көмөктөшүү максатында

Алар башталгыч класс окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер.
23-09-2020

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы 1000ден ашуун мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга 285 миң балдар китебин тапшырды. Алар башталгыч класс окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер. Китептерди тапшыруу расмий аземи бүгүн К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өттү. 

Pages