Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

This partnership is a response to the rise in domestic violence cases documented since March 2020 when lockdowns due to the COVID-19 outbreak were instituted.
27-08-2020

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) COVID-19 пандемиясы учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды коргоо жана колдоо үчүн Кыргыз Республикасындагы он бир жарандык коом уюмуна 230 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү грант бөлүп берди. Бул каражаттар баш калкалоо жайларын кеңейтүүгө, жабыркагандарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө жана бул багыт боюнча дагы башка иш-чараларды илгерилетүү үчүн колдонулат. Аталган гранттар USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору алкагында берилди. 

Бул акча медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөнү, тестирлөөнү, диагностиканы жана Ковид-19 байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө элди маалымдоону жакшыртууга багытталат.
13-08-2020

АКШ Өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги аркылуу Кыргыз Республикасында Ковид-19 падемиясы менен күрөшүүгө кошумча 190 млн сом (2,5 млн АКШ долл.) бөлдү. Бул акча медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөнү, тестирлөөнү, диагностиканы жана Ковид-19 байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө элди маалымдоону жакшыртууга багытталат. Бул иш багыттары КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР Өкмөтү менен кеңешүү аркылуу аныкталган. 

Through this project’s support, more than 2,000 people living with HIV started or restarted their life-saving treatment.
05-08-2020

Беш жылда USAIDдин Борбордук Азиядагы АИВ (ВИЧ) боюнча “Флагман” долбоору Кыргызстанда 57 миң АИВ тесттерин өткөрүп, АИВдин мурун аныкталбаган жаңы 1200 учурун аныктоого жардам берген. Аталган долбоор аркылуу АИВ менен жашаган дээрлик 2 миң адам дарыланууну баштаган же улантышкан. Ушул жана башка долбоордун ишинин натыйжалары бүгүн долбоордун жабылуусуна арналган онлайн-конференцияда талкууланды. 

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бир нече муниципалитеттери тартылат.
20-04-2020

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору жергиликтүү маселелерди чечүү үчүн жарандар, жергиликтүү бийлик органдар, бейөкмөт уюмдар жана жеке сектор арасындагы кызматташууга жардам берет.

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1687 мектепте ишке ашырлып жатат.
02-04-2020

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстанда башталгыч мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1687 мектепте ишке ашырлып жатат.

Pages