Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Бул долбоордун алкагында, беш жылда 18,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү акча бөлүнөт.
02-04-2020

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору – бул Кыргызстандын Өкмөтүнө кургак учуктун дары-дармектерге туруктуу формасын аныктоону жана дарылоону жакшыртууда көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор. Бул долбоордун алкагында, беш жылда 18,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү акча бөлүнөт.
 

Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат.
20-03-2020

АКШ өкмөтү, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу, үч уюмга 66 миллиондон ашык сом (913 миң АКШ доллары) бөлүп берди. Ал каражат Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин колдоого багытталат. Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул приоритеттик багыттар жана ага тиешелүү иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөтү менен биргеликте аныкталды.

Жабдыктарды тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев (сол), Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова жана USAIDдин Кыргызстандагы башчысы Гэри Линден катышты.
11-03-2020

Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине медикалык коргонуу жабдыктарын тапшырды. Бул жабдык Кыргыз Республикасына жаңы COVID-19 инфекциалык оруусунун (коронавирустун) таралуу кырдаалына даярдыкта көмөк көрсөтүү үчүн берилди.

Берилген жабдуулар ишкананы автоматташтырууга, продукцияны көбөйтүүгө, коопсуздук стандарттарын жогорулатууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет.
20-11-2019

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын табигый балды жана бал негизинде продукцияны өндүрүүчү Aman Green Food ишканасына жаңы жана заманбап жабдууларды тапшырды. Берилген жабдуулар ишкананы автоматташтырууга, продукцияны көбөйтүүгө, коопсуздук стандарттарын жогорулатууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет.

2019-жылы бул ишкана АКШга жалпысынан 12 тонна продукция экспорттогон. Ишкананын продукциялары АКШнын эң чоң соода дүкөндөрүнүн бири болгон Walmart дүкөнүндө сатылып келет.

Кыргыз Республикасы дүйнөдө дары-дармектерге туруктуу кургак учуктун залакасы жогору болгон 30 өлкөнүн ичине кирет.
25-10-2019

Бүгүн Бишкек шаарында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Кыргызстанда дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен күрөшүү боюнча беш жылдык долбоордун башталышын жарыялады. «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул кооптуу дарт менен күрөшүүдөгү аракетин колдоого АКШ Өкмөтү 18 миллиондон ашык АКШ долларын бөлүп берди.

Pages