АКШ Кыргызстанга коронавирус эпидемиясына даярдык үчүн тиешелүү жабдуу берди

Press Release Shim

Speeches Shim

Жабдыктарды тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев (сол), Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова жана USAIDдин Кыргызстандагы башчысы Гэри Линден катышты.
Жабдыктарды тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев (сол), Вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова жана USAIDдин Кыргызстандагы башчысы Гэри Линден катышты.
Оливье Леблан, USAID/КР

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 11 Март, 2020

Бишкек, Кыргызстан – Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине медикалык коргонуу жабдыктарын тапшырды. Бул жабдык Кыргыз Республикасына жаңы COVID-19 инфекциалык оруусунун (коронавирустун) таралуу кырдаалына даярдыкта көмөк көрсөтүү үчүн берилди.

АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүу боюнча агенттиги (USAID) аркылуу 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек тапшырды.

Берилген жабдуу - АКШ Өкмөтүнүн 100дөн ашык өлкөдө катталган корнавирустун таралышына каршы күрөштөгү алгачкы кадамдары. Бул жабдуудан тышкары, 3-мартта АКШ Өкмөтү бул вирус менен алышууга 37 миллион АКШ долларын бөлгөнүн жарыялады. Бул каражат 25 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда, эпидемиянын таралышын токтотууга көмөк көрсөтүүгө багытталат.

“Бул акча кражаттар Кыргызстанда диагностикага, профилактика жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат”, - деди USAIDдин Кыргызстандагы башчысы Гэри Линден.

Бул жабдык өлкө боюнча медицина кызматкерлерине жана башка тиешелүү жактарга потенциалдык орулууларга бат жана коопсуз жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Тапшыруу аземине катышкан вице-премьер Алтынай Омурбекова: “Бул жабдык биздин саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн абдан маанилүү. Анткени, азыр алар 24 саат бою, жумасына 7 күн биринчилерден болуп, биздин өлкөгө кирип келип жаткан адамдарды тосуп алып жатышат”, - деп белгилеп кетти.

Жабдык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы коронавирустун пайда болушуна даярдык көрүү аракеттеринин алкагында кайрылуусунун негизинде берилип жатат. КР мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматы бул жабдыкты тиешелүү медициналык мекемелерге таратат.