Flag of Kyrgyz Republic

Айыл чарбасы жана азык-түлүк коопсуздугу

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Daniyar orchard

Айыл чарба Кыргыз Республикасынын экономикасынын башкы таянычы болуп саналат. Өлкөнүн жумушчу күчүнүн 40 пайызга жакыны айыл-чарбада иштеп, бул тармак ички дүң продукциянын 20 пайызын камсыздайт.

Тилекке каршы, коммунизм доору аяктагандан кийин бул секторду модернизациялоо абдан жай ыргакта жүргүзүлүүдө, ал эми өсүш ыргагы айыл жергесиндеги жакырчылыкты кыскартуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жетишсиз болуп саналат. Туура эмес пайдалануудан жана натыйжасыз практиканын айынан айыл-чарба жерлери деградацияга дуушар болду. Андан тышкары, суу ресурстарын тийиштүү деңгээлде башкаруунун жоктугу узак убакыт бою өлкөдөгү көйгөйлөрдүн бири болуу менен дале болсо өндүрүшкө тоскоолдук кылып келе жатат.    

Бул чектөөлөр менен кемчиликтер айыл жергесиндеги жумушсуздуктун деңгээли жогору болуп, Россияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө массалык эмгек миграциясынын агымы күчөшүнө көмөкчү болууда.

Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы берген баага караганда, Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн эң жакыр квинтилинин 16 пайызына азык-түлүк жетишсиз болот. Айрым региондордогу жалпы үй-чарбаларынын төрттөн бир бөлүгү үчүн тамак-аш продуктыларын керектөөнүн көрсөткүчтөрү эң төмөн же начар болуп саналат.

Тамак-аш индикаторлору да тынчсызданууну туудурууда: өлкөнүн айыл жергеси басымдуулук кылган түштүк аймагындагы балдардын бою начар өсүшү 20 пайызды түзөт.   

Мындай тренддерден арылуу үчүн USAID Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуунун жана дыйкандардын кирешесинин деңгээлин көбөйтүүнүн үстүндө иш алпарууда. Өлкөнүн түштүгүндөгү чакан дыйкан чарбаларына өзгөчө көңүл буруу менен биз айылдык кеп-кеңеш берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү колдойбуз, бак өстүрүүнү жана мал чарбачылыгынын өндүрүү-сатуу процессин өнүктүрөбүз, айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнө инвестиция салабыз, кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды өнүктүрөбүз, ошондой эле айыл чарба продукциясы үчүн жаңы рынокторду ачууну колдойбуз.

Айыл чарба жана тамак-аш коопсуздугу боюнча долбоорлор: 

Жабылган долбоорлор: