USAID Кыргызстандын мектептерине жана китепканаларына 285 миң китеп тапшырды

Press Release Shim

Speeches Shim

Алар башталгыч класс окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер.
Алар башталгыч класс окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер.
Оливье Леблан

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 23 Сентябрь, 2020

2020-жылдын 23-сентябрь - АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы 1000ден ашуун мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга 285 миң балдар китебин тапшырды. Алар башталгыч класс окуучуларына арналган, кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан 45 жаңы жана адаптацияланган китептер. Китептерди тапшыруу расмий аземи бүгүн К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өттү. 

Аземге Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн мүдүрүнүн милдетин аткаруучусу Алдер Барлетт  жана Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев катышты.
Жаңы китептер аңгемелерди, жомокторду, ырларды, табышмактарды жана башталгыч мектеп курагындагы жаш балдарга арналган кызыктуу чыгармаларды камтыйт. Китептер Кыргыз Республикасында жашаган балдардын талаптарына туура келүүсүн камсыз кылуу үчүн, жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор менен кызматташтыкта иштелип чыккан.

"Ар кыл жанрдагы, ар кандай темаларга арналган сапаттуу китептер - башталгыч мектеп окуучуларынын билим алуусу үчүн пайдубал", - дейт Айнагуль Базарбаева, балдар жазуучусу. "Биз окуучулардын жаңы муунун шыктандырып, алардын өсүүсүнө жана ийгиликке жетүүсүнө жардам берүүчү окуу жана критикалык ой-жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө негиз түзүүгө умтулабыз".
Китептерди тапшыруу аземи учурунда, USAID Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырыла турган “Окуу керемет!” аттуу жаңы долбоору менен тааныштырды. Бул жаңы беш жылдык демилге окуучулардын окуу көндүмдөрү менен бирге математикалык көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы бюджети дээрлик 19 миллион АКШ долларын түзөт.

"Окуу керемет!" долбоору өлкөдөгү 1,6 миңден ашуун мектепте иш алып барат жана 18 миңден ашуун мугалимдердин жана башка билим берүү кызматкерлердин кесиптик чеберчилигинин жогорулашын колдойт. Бул долбоордун ишке ашырылышынан 300 миңден ашуун окуучу пайда алаарын күтөбүз", - дейт Алдер Барлетт. "Биздин негизги максат - Кыргыз Республикасында ар бир баланын колунда китепти көрүү! Биз бул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташуудабыз".

"Окуу керемет!" долбоорунун алкагында USAID Кыргызстанда 1,5 миң жаңы китеп иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт. Келе жаткан беш жылда, USAID Кыргызстандын мектептерине жаңы китептердин жана башка кошумча окуу материалдардын бир миллиондон ашуун нускасын тапшырууну көздөп жатат.

“Келечекте, бул долбоор жаш балдардын окуу көндүмдөрдүн гана эмес, математикалык жөндөмдөрүн да өнүктүрүүгө багытталган китептерди иштеп чыгып, мектептерге жеткирет деп ишенебиз”, - деди Марат Усеналиев.

Жаңы долбоор Кыргыз Республикасында башталгыч билим берүүнү жакшыртуу боюнча USAID жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылат.