Flag of Kyrgyz Republic

Экономикалык өнүгүү жана соода

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

salkyn factory

Кыргыз Республикасында экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болушу массалык эмгек миграциясына көмөкчү болууда: жалпы алты миллион калктын ичинен болжол менен бир миллиону чет жактарда эмгектенишет. Эмгек мигранттарынын өз өлкөсүндө калган үй-бүлөлөрүн багуу үчүн жөнөтүп жаткан акча каражаттарынын көлөмү ички дүң продукциянын үчтөн бир бөлүгүн түзөт – бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдун бири болуп саналат.

Жумуш издеп чет жактарга бет алган ата-энелер балдарын башка адамдарга калтырып кетүүгө мажбур, ал эми бул болсо жамааттын деңгээлинде ар кандай кошумча көйгөйлөрдү жаратат.

USAID Кыргыз Республикасында эң аярлуу региондорго басым жасоо менен жаңы жумушчу орундарын түзүү ишине жана экономикалык өсүшкө жетишүүгө колдоо көрсөтүп келе жатат. Бул болсо үй-бүлөнүн бөлүнбөй, бирге болуусуна көмөктөшүп, алардын жашоо-турмушун жакшыртууга жардам берет.

Жарандык коом жана жеке сектор менен өнөктөштүктө, USAID өкмөттүн калктын жакыр жашаган, айыл жергесиндеги жана алыскы райондордогу катмарынын кызыкчылыгын көздөө менен инклюзивдүү экономикалык өсүштү тездетүү боюнча ишин колдоого алат. Биз Өкмөт менен биргеликте соода менен инвестицияларды, анын ичинде өзгөчө америкалык жана европалык компаниялардын инвестицияларын илгерилетүү үчүн жалпы иштиктүү чөйрөнү жакшыртууга колдоо көрсөтүп жатабыз. Бул Кыргызстан үчүн ички жана тышкы рынок жеткиликтүү болушуна көмөктөшөт.      

USAIDдин программалары Кыргызстан экономикасынын алдыңкы тармактарындагы жумушчулардын мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүү максатында иштелип чыккан. Мисалы, кийим-кечек тигүү жаатында биз аларды сатууну кеңейтүү жана чет жактарга экспорттоо максатында бизнеске колдоо көрсөтөбүз. Ал эми туризмде болсо өлкөнүн туристтик багытта өнүгүп жаткан өлкө катары макамын жогорулатабыз. Бул жергиликтүү компаниялар үчүн бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жакшырышына жана кардарлардын санынын өсүшүнө алып келет. Бул аракеттердин натыйжасында, Кыргызстанды эл аралык белгилүү Lonely Planet басылмасы 2019-жылы барып көрүү үчүн эң мыкты делген дүйнөдөгү он өлкөнүн катарына киргизди.

USAIDдин экономикалык өнүгүү жана соода боюнча долбоорлору: 

Жабылган долбоорлор: