Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси

Speeches Shim

Тигүүчүлөргө өндүрүмдүүлүктү күчөтүү боюнча жардам көрсөтүлөт
Тигүүчүлөргө өндүрүмдүүлүктү күчөтүү боюнча жардам көрсөтүлөт
USAID / Kyrgyz Republic

Мөөнөтү: 2014-2018-жж.

Бюджети: $20.2 млн. АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: Делойт Консалтинг

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын текстиль, туризм жана курулуш материалдар секторундагы ишкемелер, бизнес-ассоциациялар, консалтинг боюнча компаниялар, МЭУ, министрликтер
жана агенттиктер

Ишмердүүлүк аймагы: Республика боюнча

Долбоор күчтүү сатыктарды камсыз кылуу жана техникалык жардам аркылуу Кыргызстандын ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор рынокторго жол ачуу, сатыктарды көбөйтүү, продукция ассортиментин кеңейтүү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, сапат, финансы көзмөлүн жакшыртуу жана башка жардам аркылуу тигүү өнөр жай, туризм жана курулуш материалдар тармактарынын өкүлдөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Долбоор компаниялар үчүн  каржы булактарын жана жабдууларды жакшыртып, алардын өндүрүштүк жабдууларды жана имарттарды, башкарууну, продукция менен кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган инвестицияларын жартылай каражат менен камсыз кылат.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

ТИГҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ

  • Кыргызстандын кийим тигүүчү ишканаларды ири кардарлар менен жолуктуруп, алардын сегизөөсү 3 миллион АКШ долл. келишим түздү. 
  • Кийим сатуучу компаниялардан 400дөн ашык кийимдин үлгүлөрү жана баалар боюнча сунуш келип түштү. Бул сунуштар – келишим түзүлгөнгө чейинки маанилүү шарт болуп саналат.
  • Европанын 11 кийим сатуучу компаниялары менен жолугушуулар өткөрүлүп, 300дөн ашуун дүкөндөрү бар жети компания Кыргызстанга да келип кетти. 
  • Он эки кийим тигүүчү ишкана корпоративдик жана социалдык жоопкерчилик боюнча аудиттен өтүп, алардын ичинен бешөөсү  аудиттин талаптарынын 50%ын аткарды.
  • Кийим тигүү фабрикаларына лекал даярдоо, бычуу жана сайма сайуу боюнча кызмат көрсөтүү максатында Бишкекте жана Ошто жайгашкан инновация борборлору ачылды.
  • Алдыңкы үч кийим тигүүчү ишканага өндүрүмдү жогорулатууга багытталган гранттар берилди. Натыйжада 450 ашуун иш орундардын түзүлүшү күтүлүүдө.

ТУРИЗМ

  • Туристтерге жагымдуу кызмат жана сунуштарды иштеп чыгуу аракетинде жергиликтүү өнөктөштөр менен төрт туристтик аймакты башкаруу уюмун түзүлдү.
  • Беш туристтик багыттарда 38 жаңы туристтик сунуштар түзүлүп, 2017-жылды 2 миңден ашуун туристтерге тартууланды. Натыйжада туризм тармагында кызмат көрсөткөн ишмерлердин кирешеси 30 миң АКШ долларга көбөйдү. Туристтик аймактарды башкаруу уюмдардын 600 туристке жаңы кызматтарды көрсөткөндүн натыйжасында кирешеси 2 200 АКШ долларга жогорулады.
  • Кыргызстанга өз алдынча келген туристтердин санын көбөйтүү максатында Каракол, Жыргалаң, Тескей жээк жана Ош туристтик багыттарынын вебсайттары жарык көрдү.
  • Кыргызстандын алты аймагында жөө саякат үчүн 52 жаңы маршрут түзүлүп, картага түшүрүлдү. Жалпысынан маршруттардын узундугу 2 790 км түзөт.
  • 2017-жылы жети маданий фестивал уюштурулуп, аларга 2 миңден ашуун турист келди. 
  • Кыргызстанды тааныштыруу максатында эл аралык блогер-саякатчылар өлкөбүздө конок болушту. Алар 96 блог пост, 47 YouTube видео жана социалдык тармактарда 2309 пост жайгаштырып, натыйжада алардын социалдык тармактардагы колдоочулары тарабынан 750 миң баарлашуу пайда болду. Жалпысынан алганда Кыргызстан тууралуу соцтармактардагы контенти 10 миллионго жакын адам көрдү.
  • Дүйнөлүк окуялуу туризм ассоциациясы менен кызматташууга өтүп, Кыргызстандык 55 туроператор жана дестинациялардын мүчөлөрүн окутуу максатында аталган эл аралык уюмдун алты мүчөсүн өлкөбүзгө чакырылды.
  • 39 гид атайын тренингтен өтүп, алардын 31и сынакты ийгиликтүү тапшыргандан кийин WFTGA уюмунун сертификациясына ээ болушту. Алардын ичинен 18 гид тренер болуу үчүн сынактан өтүп, аталган уюмдун тренер болуу наамын алышты.
  • Кыргызстандын тоо гиддер ассоциациясы USAIDдин колдоосу менен Эл аралык тоо гиддер ассоциациясынын федерациясына мүчөсү болду.
  • Кыргызстандык делегация Лондон, Мадрид, Берлин, Стамбул, Москва, Алматы жана Ташкент шаарларында өткөн ири туристтик көргөзмөлөргө катышты. Бул демилге Кыргзстанды таанытууга чоң салымын кошуп, кызматташууга багытталган 500 келишимге кол коюлду.
  • Өз алдынча саякаттаган туристтер Кыргызстандын аймактарында жайгашкан конок үйлөрдү түздөн-түз брондоо мүмкүнчүлүгүн жаратуу үчүн Booking.com сайтында 38 жаңы конок үй жана боз үй лагерлер катталды.
  • 2017 жылдын июль айында iziTravel аттуу онлайн тиркеме аркылуу Бишкек шаарында өз алдынча жөө сейилдөөгө ыңгайлуу болгон аудиогид жарык көрдү. Аталган тиркеме 6000 жолу жүктөлүп, англис, түрк жана орус тилдеринде 1000 жолу колдонулган.
  • Туристтик аймактарды оңой табуу үчүн өлкө боюнча 215 жол белги орнотулуп, анын ичинде Ош жана Каракол шаарларында жөө жүрүүчүлөр үчүн төрт карта да бар.
  • Туристтерге кызыктуу кызматтарды тартуулоо жолдорун көрсөтүү үчүн Кыргызстан боюнча 17 музейдин потенциалын жогорулатуу долбоору ишке ашырылган.
  • Аталган иш-чаранын натыйжасында, USAID колдогон багыттардагы конок үйлөргө келген туристтердин саны 2016-жылдагыдан 48 пайызга жогорулап, кирешелери 40 пайызга өсүп, жаңы иш орундары 5 пайызга жогорулады.   

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАР

  • Эл аралык рынокторго кирүү, бренддөө жана сапат стандарттарын көтөрүү үчүн Кыргызстандын декоративдик таш өндүрүүчүлөрү ишкердик бирикмеси түзүлдү.

  • Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыштын  рынокторуна басым жасоо менен Кыргызстандын баалуу декоративдик ташы үчүн жаңы экспорттук рынокторду алга жылдыруу жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр аныкталды.