USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору

Speeches Shim

Долбоордун алкагында 19 миң жаңы жумуш орун түзүлүүсү күтүлөт.
Долбоордун алкагында 19 миң жаңы жумуш орун түзүлүүсү күтүлөт.
Оливье Леблан

Долбоордун мөөнөтү: 15-август, 2018-ж. – 15-август, 2023-ж.

Бюджет: 22,7 млн АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: ACDI/VOCA

Негизги өнөктөштөр: Enclude, Village Capital, Nathan Associates

Долбоор камтыган аймактар: өлкө боюнча
 

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жумуш орундарын түзүү аркылуу элдин кирешесин көбөйтүүгө багытталган демилге. Долбоор инклюзивдүү экономикалык өсүүнү камсыз кылуу үчүн кыргызстандык чакан жана орто ишканаларды күчөтүүгө, алардын рынокторун кеңейтүүгө, инвестицияларды жандандырууга, аялдар жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, жана ошондой эле бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, жакырчылык жана жумушсуздук деңгээли жогору аймактарга өзгөчө көңүл бурат. Жаңы технологиялар, айыл чарба, өнөр жай жана туризм сыяктуу жумуш орундарын түзүү потенциалы күчтүү, тез өнүгө турган жана аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен секторлорго приоритет берилет. 

Долбоор чакан жана орто ишканалар үчүн рынокторду кеңейтүү максатында ийгиликтүү компаниялар жана рыноктун лидерлери менен, стартап же чакан ишканаларды, өзгөчө аял же жаш ишкерлер башкарган ишканалар менен өнөктөшүп, колдоо көрсөтөт. Чакан жана орто ишканалар үчүн өнүгүүгө керек болгон капиталдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында долбоор финансылык институттар, өзгөчө банктык эмес финансылык уюмдар менен иш алып барат. 

Бизнес-чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн USAID бийлик органдары, бизнес-ассоциациялар жана башка институттар менен диалог түзүүгө колдоо көрсөтөт. Бул чакан жана орто ишканалардын соода жүргүзүүсүн, өнүгүүсүн, ачык экономикага аралашуусун жана керектүү капиталга тоскоолдуктарды талдоого жана жоюууга мүмкүнчүлүк берет.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 8 компания $1.2 млн. инвестиция жасоого милдеттеме алып, келерки төрт жылдын ичинде кошумча сатууларын $7 млн. көбөйтүүнү жана 3750 жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөшүүдө.
  • 7 потенциалдуу өнөктөш тандалып алынды. Алар $4.4 капиталдык салым жасап, кошумча сатууларын $30 млн. көбөйтөт жана 5250 жаңы жумуш орундарын түзөт деп күтүлүүдө.  
  • Долбоор Highland Capital, AV Frontiers компаниялары жана Халык Банк менен келишим түзүп, $23 миллиондук каржылоого жол ачты. Бул каражат 300 ашык ишкананы каржылоого жетип, үч жылдын ичинде 1000 жумуш орун түзөт деп күтүлүүдө.
  • «ЭлДан Аталык» жана «Бишкексүт» компаниялары менен кызматташтыктын негизинде 1100 фермердин продукциясы кепилдик менен сатылып алынат жана төрт жылдын ичинде сатуулардын көлөмү $8,8 түзөт.
  • Стартаптар жана жаңы ишканалардын бизнесин өнүктүрүү жана аларга жол көрсөтүү максатында «Бизнес Акселерация» программасы түзүлдү. Бул программанын алкагында түрдүү секторлордогу 55 орто жана чакан ишканалар окуулардан өтүүдө.    
  • Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн изилдөөлөрдү жана конференцияларды өткөрүүдө жана жеке секторду өнүктүрүүгө тиешелүү иш-аракет пландарын түзүүдө колдоп келет. Долбоор анын ичинде 2019-2023-жылдарга карата Жеке секторду өнүктүрүү боюнча программасын жана Инвестициялык картаны (соода жана инвестицияга өбөлгө түзүүчү онлайн платформа) түзүүгө да көмөктөшөт.  

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР

  • 38 миң кожолук кирешесин көбөйтө алат
  • 19 миң жаңы жумуш орун түзүлөт 
  • Чакан жана орто ишканалардын сатууларынын көлөмү $39 миллионго көбөйөт
  • 130 чакан жана орто ишкана жаңы рынокторго чыгат
  • 250 чакан жана орто ишкана, анын ичинде аялдар жана жаштар башкарган 80 ишкана менеджерлик, техникалык, финансылык жана маркетингдик жөндөмүн жакшырта алат
  • $60 миллион жеке капиталдын келишине шарт түзүлөт 
  • Финансылык уюмдар чакан жана орто ишканаларга $17 миллион салым жасайт
  • Финансылык институтттар ишканалардын өнүгүүсүнө багытталган $18 миллион каражатты инвестиция жасайт
  • Дээрлик 250 чакан жана орто ишкана финансылык каражат табууга мүмкүндүк алат 
  • 20 ишкана эл аралык стандарттарга жооп берчү серфтикаттарга ээ болот
  • Сооданын жана чакан/орто ишканалардын өнүүгүсүнө жолтоо болгон 20 чектөөнүн жоюлушуна чара көрүлөт.