USAID Борбор Азиялык жашылча-жемиш экспорттоочулардын маалымдамасын түздү

Press Release Shim

Speeches Shim

Маалымдамада Казакстандан, Кыргыз Республикасынан, Тажикистандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан чыккан 120дан ашык жашылча-жемиш экспортоочулар берилген.
Маалымдамада Казакстандан, Кыргыз Республикасынан, Тажикистандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан чыккан 120дан ашык жашылча-жемиш экспортоочулар берилген.
Оливье Леблан / USAID

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, 27 Октябрь, 2020

АКШ Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Борбор Азиядан чыккан айыл чарба өндүрүмдөрүн жаңы рынокторго илгерилетүүгө көмөктөшүү максатында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жашылча-жемиш экспорттоочулардын маалымдамасын  түздү. Бул маалымдама дүйнөдө потенциалдуу сатып алуучулардын арасында кеңири маалыматты жайылтуу үчүн түзүлүп, импорттоочулар, дистрибьюторлор, чекене сатып алуучулар жана эл аралык көргөзмөлөрдүн уюштуруучулары үчүн арналган.

Маалымдамада Казакстандан, Кыргыз Республикасынан, Тажикистандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан чыккан 120дан ашык жашылча-жемиш экспортоочулар берилген. Маалымдама алардын өндүрүмү, бренддер, сатуу каналдары жөнүндө кеңири маалыматты жана байланыш маалыматтарын камтыйт. Маалымдамада Кыргыз Республикасынан чыккан, төө буурчак, май, кургатылган жемиштерди, грек жаңгагын жана башка өндүрүмдү өндүргөн сегиз экспорттоочу жөнүндө маалымат берилген.

Бул маалымдаманын жардамы менен ички жана тышкы рыноктордо биздин компаниянын таанымалдуулугу өсөт деп үмүттөнөбүз. Мындан тышкары, бул маалымдаманы биздин негизги максатка – Европа рыногуна чыгууга салым кошот деп ишенебиз”, - дейт "Алыш-Дан Органик" айыл чарба кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшев.

Ошондой эле маалымдама Борбор Азиянын шаарларынан Европанын жана Азиянын негизги экспорттук рынокторуна ташуу наркынын жана ташуу убактысынын эсептери жөнүндө серепти камтыйт.

Борбор Азиядагы өндүрүүчүлөр кылымдар бою жемиштердин жана жашылчалардын кеңири ассортиментин өстүрүшөт жана сатышат. Алардын көпчүлүгү азыркы күндө аймактын чегинен тышкары өздөрүнүн сатуу рыногун кеңейтүүгө даяр. Маалымдама жашылча-жемиштерди экспорттоону каалаган жана экспорттоого даяр Борбор Азиялык өндүрүүчүлөрдү, кайра иштетүүчүлөрдү жана соода компанияларын көрсөтүү үчүн практикалык каталог катары USAIDдин атаандашуу жөндөмдүүлүк, соода жана жумуш орундарын түзүү боюнча долбоору тарабынан иштелип чыккан. 

USAID жакында эле атайын Жашылча-жемиштерди экспорттоо боюнча колдонмону да иштеп чыккан, анда экспорттук рынокторго чыгуу үчүн кадамдар сүрөттөлгөн. Ошондой эле колдонмо рынокту изилдөө боюнча сунуштарды, дүйнөлүк стандарттар, баа түзүү, өндүрүмдү илгерилетүү, таңгактоо жөнүндө, ошондой эле эл аралык көргөзмөлөр жөнүндө маалыматты камтыйт. Мындай маалыматка ээ болуу ийгиликтүү экспортко карай мүмкүнчүлүктөрдү кыйла жогорулатат.

Эки басылма Борбор Азиядагы жашылча-жемиш экспорттоочуларга атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана экспорттун жаңы багыттарына чыгууга көмөктөшөт. Долбоордун негизги максаты өндүрүмдү кеңейтүү аркылуу айыл чарба секторунда жаңы жумуш орундарын түзүү.