АКШ Өкмөтү COVID-19 менен күрөшүү үчүн ооруканаларды кычкылтек концентраторлору менен камсыз кылды

Press Release Shim

Speeches Shim

Алар ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19 айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет.
Алар ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19 айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет.

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 25 Ноябрь, 2020

АКШнын Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүүдө көмөктөшүү алкагында, 25-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй облусунда жана Ошто жайгашкан беш ооруканага алты жогорку өндүрүмдүү кычкылтек концентраторун орнотту. Алар ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19 айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет. Бул жабдууну расмий тапшыруу аземи АКШ элчиси Дональд Лунун катышуусу менен бүгүн онлайн режиминде өттү. 

Концентраторлор Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Улуттук госпиталда (анын ичинде ардагерлер үчүн ооруканада), Чүй облустук ооруканасында жана Ош шаардык клиникалык ооруканасында орнотулган. Бул жерлер болушунча көп бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу максатында КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешүү аркылуу тандалып алынган.

Жабдууну тапшыруу аземине КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысч Чынара Жунушева жана АКШнын элчиси Дональд Лу катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө, Элчи Доналд Лу «кыргызстандык тажрыйбалуу дарыгерлер менен медайымдардын колдорунда бул кычкылтек концентраторлору керемет иштерди жаратат» деген ишеничин билдирди. 

Пайдаланууда жөнөкөй болгон жогору өндүрүмдүү концентраторлор минутасына 8 литрге чейин кычкылтекти бере алат. Алар жогорку басымдагы газ менен иштеген ИВЛ, анестезия аппараттарын жана респиратордук жабдууну иштетүүгө колдонулат. Андан тышкары, бул концентраторлор электр энергиясы өчүп калган учурда да 30 минутага чейин иштеп тура алат. Алты аппараттын жалпы наркы 100,000 АКШ долларынан ашат.   

Жогору өндүрүмдүү концентратордон тышкары, USAID Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен өнөктөштүктө өлкөдөгү медициналык мекемелерине 100 портативдүү концентраторлор менен камсыз кылат. Бул концентраторлор бейтаптардын дем алуусуна жардамдашуу катары мурун аркылуу берилүүчү кычкылтек терапиясы үчүн колдонулат.  
 
Кыргыз Республикасында март айында COVID-19 пандемиясы башталгандан бери, USAID Abt Associates, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Кызыл крест / Кызыл ай эл аралык федерациясы сыяктуу өнөктөш уюмдар аркылуу 4 миллиондон ашык АКШ долларын берди. Бул каражат жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, анализдерди тездетүү үчүн лабораторияларды жакшыртууга, эпидемия кырдаалын көзөмөлдөө үчүн маалыматтык системасын жакшыртууга, COVID-19ду клиникалык дарылоо боюнча 4 миңден ашуун медициналык адисти машыктырууга жумшалды. USAID COVID-19дун алдын алуу чаралары тууралуу калкты маалымдап, илдет жөнүндө туура эмес маалымат менен күрөшүүгө багытталган кампанияларды да колдоп келет. 

USAID жакынкы айларда ооруканаларда жана үй-бүлөлүк медициналык борборлордо жетишсиздиктерди толуктоо үчүн кошумча медициналык жабдууларды жана материалдарды сатып берүүнү пландаштырып жатат. 

COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып, АКШ Өкмөтү USAID жана Ооруларды контролдоо борбору (CDC) аркылуу Кыргыз Республикасында бул илдетке каршы күрөшүүгө 5 миллиондон ашык доллар бөлүп берди.