USAID "Агро горизонт" долбоору

Speeches Shim

Тренингдерден, гранттардан, техникалык жардамдан жана башка иш-чаралардан долбоор камтыган аймактардагы 70 миңден ашык кожолук пайда көрдү.
Тренингдерден, гранттардан, техникалык жардамдан жана башка иш-чаралардан долбоор камтыган аймактардагы 70 миңден ашык кожолук пайда көрдү.
USAID/Kyrgyz Republic

Узактыгы: 2014-жылдын 1-октябры – 2019-жылдын 30-сентябры

Бюджет: 22 миллион АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: ACDI/VOCA

Негизги өнөктөштөр: Helvetas, AIRD

Ишмердүүлүк аймагы: Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустары

Долбоор жеке сектор менен кызматташтыкта айыл-чарба секторундагы атаандаштыкты күчөтүү аркылуу Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө салым кошот.  

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

USAID Агро горизонт долбоору айыл-чарба ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, аларды рыноктор менен байланыштыруу, айыл чарба секторунда каржы капиталынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жумуш орундарын түзүү максатында иш алып барат. Долбоор агроишканалар менен кызматташып, алардын сырьелук базаларын өнүктүрүүгө, өндүрүш имараттарын жана жабдууларын жаңылоого, азык-түлүктүн сапат жана коопсуздук стандарттарын киргизүүгө, башкаруу системаларын жакшыртууга, жана ошондой эле алардын рынокторун кеңейтүүгө көмөктөшөт.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • USAID Агро горизонт долбоору 50дөн ашык агроишканалар менен өнөктөштүк түздү. Бул ишканалар $30 миллион АКШ долларынан ашык салым кошууга милдеттенме алып, ал каражаттар негизинен капиталдык салымга, сырьелук материалдарга, коммуналдык төлөмдөргө, айлыктарга жана башка операциондук чыгымдарга жумшалды.
  • Бул ишканалар менен өнөктөштүктөрдүн негизинде $5,9 миллион АКШ долларына барабар жаңы инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, анын ичинде төмөнкү багыттарда капиталдык инвестициялар жасалды: сүт өндүрүү жана кайра иштетүү; малга тоют өндүрүү жана этти кайра иштетүү; мөмө жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү; май өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү; жашылча-жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү. Долбоордун жардамында эки чет элдик түз инвестиция тартылып, кургатылган мөмө жемиштерди Кыргызстанда кайра иштетип, таңгактап жана сатыкка чыгарчу эки биргелешкен кыргыз-тажик компаниясы түптөлдү (мурун сырье Тажикстанга экспорттолуп, андан ары кайра иштетилип, сатылчу). 
  • USAID Кыргызстандагы эң биринчи сафлор жана башка май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү өндүрүштү ишке киргизгенге көмөктөштү. Жаңы ишкана Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 2 680 гектар мурда иштетилбеген кайрак жерди өздөштүрүүгө салым кошту.
  • Тренингдерден, гранттардан, техникалык жардамдан жана башка иш-чаралардан долбоор камтыган аймактардагы 100,000 ашык кожолук пайда көрдү. Пайда көргөндөрдүн катарына насыя алган фермерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, түрдүү тренингдерге катышкан фермерлер, туруктуу же убактылуу жумуш тапкандар, жана жаңы киреше мүмкүнчүлүктөрүн тапкан фермерлер кирет. 
  • Долбоор башталгандан бери аялдар, эркектер жана жаштар үчүн 1200 туруктуу жумуш орун түзүлдү. Долбоордун алкагындагы «Жаштар үчүн стажировкалар» программасы 43 студент үчүн 21 агроишканада тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүп, анын ичинен 15 катышуучу туруктуу жумушка чакыруу алды.
  • Долбоор жалпы сыйымдуулугу 30 миң м3 ашык жаңы сактоочу жайларды түзүүгө, жана бир жылда 65 миң тоннадан ашуун мөмө жана жашылча-жемиштерди, май өсүмдүктөрүн жана этти өндүрүп же кайра иштете алган өндүрүштүк кубатты ишке киргизүүгө жардамдашты.
  • Долбоор финансылык жана финансылык эмес уюмдар менен кызматташтыкта миңдеген фермерлер менен ишканалар үчүн каржы булактарын жеткиликтүү кылууга жардамдашып, ишкерликке жумшала турган каражаттарды алуу жолдорун жеңилдетти. Долбоордун жардамы менен 26 миңден ашык фермер жана ишкана 33 млн АКШ долларына барабар каражат алууга жетишти. 
  • Долбоордун өнөктөштөрү жалпы 22000 тоннадан ашык кошумча сырье сатып алышты. Бул жаңы жабдуулар колдонулуп, өнөктөштөр жаңы рынокторго кирип жатышат дегенди билдирет.
  • Долбоор менен иштеген дыйкандардын жана ишканалардын сатууларынын жалпы суммасы $ 30 млн АКШ долларын түздү. Анын ичинен $ 11.3 млн. АКШ доллары жаңы бышкан жана кайра иштетилген продукциянын сатууларынан келип түштү.
  • USAID Агро горизонт долбоору бир катар продукциянын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга колдоо көрсөттү. 2018-жылы баштапкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу төмөнкү продукциялардын дүң кирешелүүлүгү өстү: шабдалы – 16%га, гилас – 66%га, помидор – 141%га, өрүк – 25%, алма – 24%га, жана кышкы сүт – 21%га. Бул көрсөткүчтөр продукцияны өндүрүүнүн жакшыртылган жана алдыңкы тажрыйбаларды колдонуунун негизинде орун алды. 

ШИЛТЕМЕЛЕР

Агро горизонт долбоорунун Facebook баракчасы