COVID-19: USAID Кыргыз Республикасына коронавирус менен күрөшүүгө 66 миллион сом бөлүп берди

Press Release Shim

Speeches Shim

Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат.
Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат.

Шашылыш жарыялоого

Жума, 20 Март, 2020

АКШ өкмөтү, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу, үч уюмга 66 миллиондон ашык сом (913 миң АКШ доллары) бөлүп берди. Ал каражат Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин колдоого багытталат. Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул приоритеттик багыттар жана ага тиешелүү иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөтү менен биргеликте аныкталды.

Бул каражат үч уюм аркылуу берилет. Алардын биринчиси Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Ал коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылуу, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялоо боюнча иштейт.

Экинчи уюм - Abt Associates ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо” долбоору. Бул уюм инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жаңы учурларды аныктоо боюнча иштейт. Муктаждык болсо, бул долбоордун алкагында ооруну контролдоого зарыл болго кошумча медикалык жабдык сатып алынат.

Үчүнү уюм - Кызыл ай жана кызыл крест коомдорунун федерациясы (Кызыл ай коому). Ал элди вирустан сактануу жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, коомчулуктардын даярдыгын күчөтүү жана вирус жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон адамдарды табуу боюнча иш алып барат.

Мындан тышкары, 11-мартта USAID Кыргызстандын медикалык жана башка кызматкерлери үчүн атайын коргонуу жабдыктарын өткөрүп берди. Алардын арасында 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек бар. КР Мамлекеттик санитардык жана эпидемиялогиялык кызматы бул жабдык менен COVID-19 вирусун аныктап жана ага каршы күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлерди камсыз кылып жатат.

АКШ Өкмөтүнү дүйнө боюнча ВИЧ жана кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн дараметин күчөтүү боюнча иш алып барат.