Кыргызстандын балы эл аралык рынокторго чыгууда

Press Release Shim

Speeches Shim

Берилген жабдуулар ишкананы автоматташтырууга, продукцияны көбөйтүүгө, коопсуздук стандарттарын жогорулатууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет.
Берилген жабдуулар ишкананы автоматташтырууга, продукцияны көбөйтүүгө, коопсуздук стандарттарын жогорулатууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет.

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 20 Ноябрь, 2019

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын табигый балды жана бал негизинде продукцияны өндүрүүчү Aman Green Food ишканасына жаңы жана заманбап жабдууларды тапшырды. Берилген жабдуулар ишкананы автоматташтырууга, продукцияны көбөйтүүгө, коопсуздук стандарттарын жогорулатууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет.

2019-жылы бул ишкана АКШга жалпысынан 12 тонна продукция экспорттогон. Ишкананын продукциялары АКШнын эң чоң соода дүкөндөрүнүн бири болгон Walmart дүкөнүндө сатылып келет.

Жабдууну тапшыруу аземине катышкан USAIDдин Администраторунун Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Хавьер Пиедра Кыргызстандын балы дүйнөдөгү эң мыктылардын бири экенин белгилеп кетти. “Менин билишимче бул ишканад дагы 20 тонна балды АКШга экспорттоону көздөп жатат. Демек, мындан да көп менин мекендештерим кыргыз балынын даамын татаарына абдан кубанычтамын”, деди Пиедра мырза.

Тапшырылган жабдуулар аркылуу ишкана Эл аралык стандартизация боюнча уюмунун (ISO) сертификациялоо шарттарына жооп бериши үчүн шарт түзөт жана Европа жана башка катуу талап кылуучу тамак-аш рынокторуна продукцияны экспорттоо үчүн жол ачат.
Компаниянын башчысы Кадыр Алинин сөзү боюнча, бул жабдуу Кыргызстанда биринчи болуп саналат. “Эң эле баса айтуучу нерсе – балдын бардык көрсөткүчтөрүн текшере ала турган жана балдык кайсыл гүлдөн, канча пайыздык байланышы бардыгын аныктаган лаборатория куруп алдык”, - деди Кадыр Али, компаниянын башчысы.
Aman GreenFoodдун өнүгүүсүнө жардам берүү аркылуу USAID бир канча ишканада жумуш орундарын түзүүгө салымын кошуп келет. Андан сырткары, алты чоң бал аарычылык кооперативдери жана жеке бал-аарычылар, анын ичинде 1,2 миңге жакын балчылар туруктуу сатып алуучу менен иштешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Aman GreenFood 2013-жылы түптөлүп, табигый балды өлкө ичинде жана АКШ, Жапония, Корея, Кытай жана араб өлкөлөрүнө сатат.
Бул ишкана USAIDдин «Конкуренттуу ишкана» долбоору аркылуу колдоого алынды. Бул долбоор беш жылдын аралыгында чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөйт. Долбоордун жалпы бюджети 22,7 миллион АКШ долларын түзөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн USAIDдин «Конкуренттуу ишкана» долбоорунун байланыш боюнча адиси Гулсина Абласова менен төмөнкү маалым даректер боюнча байланышсаңыз болот: (gablasova@ecp-kyrgyzstan.org, +996 770 44 12 68).