Кургак учукту айыктыруу

Speeches Shim

Бул долбоордун алкагында, беш жылда 18,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү акча бөлүнөт.
Бул долбоордун алкагында, беш жылда 18,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү акча бөлүнөт.

Ишке ашыруу мөөнөтү: 2019 июлу – 2024 июлу

Бюджет: 18,4 АКШ доллары

Долбоорду ишке ашырган уюм: JSI Research & Training Institute, Inc. (JSI) корпорациясы University Research Co., LLC (URC) коому менен бирдикте

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кургак учукка каршы улуттук программасы (КУП), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ)

Географиялык аймак: Бүткүл өлкө боюнча

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору – бул Кыргызстандын Өкмөтүнө кургак учуктун дары-дармектерге туруктуу формасын аныктоону жана дарылоону жакшыртууда көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор. Бул долбоордун алкагында, беш жылда 18,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү акча бөлүнөт.

Кургак учукка чалдыгуу тобокелдигине дуушар болгон адамдар көбүнчө калктын аярлуу топторуна киргендиктен, саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. “Кургак учукту айыктыруу” долбоору кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калктын аярлуу тобуна кирген жарандар үчүн дарыланууга шарттарды түзүү багытында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташат. Кургак учукка чалдыккан оорулууларга көрсөтүлгөн кодулоо жана басмырлоо мамилеси зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү алууга тоскоолдуктарды жараткандыктан, “Кургак учукту айыктыруу” долбоору медициналык кызматкерлердин жана калктын арасында кодулоо жана басмырлоо деңгээлин азайтуунун үстүнөн иштейт.

Долбоор акыркы эл аралык сунуштамаларында негизделген жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча системаларды, ресурстарды жана адистерди күчөтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында, калктын талабына ылайык жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелеринде жогорку сапаттуу жана жеткиликтүү кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөр системасын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүлөт.

“Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун иши JSI Research & Training Institute, Inc. (JSI) жана University Research Co., LLC (URC) тарабынан, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кургак учукка каршы улуттук программасы жана башка улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.
 

Иштин негизги багыттары

  1. Дары-дармектерге туруктуу кургак учуктун учурларын аныктоону жогорулатуу

Лабораториялык жана диагностикалык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү, коомчулуктарда жана медициналык уюмдарда кургак учукка чалдыккан оорулууларды аныктоону жакшыртуу жана байкоо жүргүзүү.

  1. Дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоону жакшыртуу

Дайындалган дарылоо курсу аяктаганга чейин адекваттуу режимдер боюнча жогорку сапаттагы дары-дармектер менен бардык оорулуулардын дарылоосун камсыздоо.

  1. Дары-дармектерге туруктуу кургак учуктун жайылышын алдын алуу

Медициналык уюмдарда жана лабораторияларда инфекциялык контролдун сапатын жогорулатуу, кургак учуктун алдын алуу, аныктоо жана дарылоону жакшыртуу үчүн бейтаптардын, медициналык кызматкерлердин жана тобокелдик топторуна кирген адамдардын жүрүм турумун өзгөртүү.

  1. Жагымдуу чөйрөнү түзүү

Кургак учукка каршы күрөшүү саясатын күчөтүү, кургак учукка каршы кызматты каржылоону оптималдаштыруу, чечимдерди кабыл алууда курак учук боюнча маалыматтарды пайдаланууну жакшыртуу, кургак учукка чалдыккан оорулууларга карата кодулоону жана басмырлоону азайтуу.