Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

Бул изилдөө Кыргыз Республикасы боюнча Нарын облусу кыска бойлуулук деңгээли эң төмөн аймактардын бири экенин да көрсөттү.
24-05-2019

Акыркы беш жылда Нарын облусунда беш жашка чейин жаш балдар арасында кыска бойлуулук 65 пайызга кыскарды. Мындай жыйынтыкка 2014-2018-жылдары ишке ашырылган USAIDдин “SPRING” аттуу долбоорунун салымы зор болду.

Тигүү өнөр жайы, зергерчилик жана курулуш сыяктуу түрдүү экономика секторлорун баштаган кыргызстандык ишканаларга жалпысынан 25 сыйлык ыйгарылды.
08-05-2019

2019-жылдын 6-май күнү «Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу – 2018» улуттук сынагынын жеңүүчүлөрү Хаятт Ридженси Бишкек мейманканасында өткөн салтанаттуу азем учурунда аталып сыйланды. Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан өткөрүлүп, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосунда ишке ашырылды.

«Адамдын укугу жана кадыр-баркы» долбоору мигранттарды жана потенциалдуу мигранттарды адам сатуу жана башка олуттуу адам укуктарын бузуудан коргоо үчүн багытталган. Долбоор кыйынчылыкка учураган мигранттарга үйүнө коопсуз кайтып келүүгө жана жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берет.  
03-05-2019

«Адамдын укугу жана кадыр-баркы» долбоору мигранттарды жана потенциалдуу мигранттарды адам сатуу жана башка олуттуу адам укуктарын бузуудан коргоо үчүн багытталган. Долбоор кыйынчылыкка учураган мигранттарга үйүнө коопсуз кайтып келүүгө жана жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берет.   

Бул фабрика эл аралык стандарттарга жооп берген кийим тигип, 350 кишини жумуш орундары менен камсыз кылат.
22-04-2019

19-апрелде Вице-премьер-минстр Замирбек Аскаров, Чүй облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимов жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу Чүй облусунда жаңы тигүүчү фабриканын расмий ачылыш аземине катышышты. Бул фабрика эл аралык стандарттарга жооп берген кийим тигип, 350 кишини жумуш орундары менен камсыз кылат. Заманбап фабриканы “Кул Брос” (Cool Bro’s LLC) компаниясы АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) менен кызматташтыкта ишке киргизди. 

Акыркы беш жылда, кургак учуктан көз жумгандардын саны 26%га жана андан жабыркоо учурлары 13%га азайды.
08-04-2019

Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жыл сайын өлкөдө 500дөй кишинин өмүрүн алып кеткен жугуштуу оору – кургак учук менен күрөшүүдө ири прогресске жетишкенин билдиришти.

Мындай билдирүү бүгүн, Бишкек шаарында, “Кургак учукту көзөмөлдөө боюнча акыркы беш жыл ичиндеги жетишкендиктер” аттуу конференцияда жасалды. Бул иш чарага 250гө жакын бийлик өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.    

Pages