Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

USAID жаңы жабдуу сатып алып, ишкананын өндүрүм сапатын жана көлөмүн көбөйтүүгө жардам берди – азыр анын өндүрүм кубаттуулгу жылына 2,4 миң тоннага чейин жетет.
12-12-2018

8-декабрда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Үч-Коргон айылында жайгашкан кургатылган жемиштерди чыгаруучу цехке барды. USAIDдин башчысы Гэри Линден менен бирге Премьер-министр жемиштерди кургатып жергиликтүү жана эл аралык рынокторго саткан ишкананын иши менен таанышты.

Жаңы заманбап ишкана айран, каймак, быштак, май жана башка сүт азыктарын тамак-аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайык өндүрөт.
02-11-2018

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу Ош шаарындагы «Алайку Органикс» компаниясына тиешелүү сүттү кайра иштетүүчү жаңы заводдун ачылыш аземине катышышты. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ачылган жаңы ишкана Кыргызстандын түштүгүндө иштеп жаткан эң чоң сүттү кайра иштетүүчү ишканага айланат. USAID бул өндүрүштү кеңейтүү аркылуу жергиликтүү дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө умтулат, анткени дыйкандар жаңы ишканага күнүнө 5 тоннага чейин сүт тапшыра алышат.  

01-11-2018

2018-жылдын 5-ноябрында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын 50 муниципалитетинин өкүлдөрү Бишкек шаарында Аймактар форумуна чогулушат. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган төртүнчү форумдун жүрүшүндө жергиликтүү лидерлер, мамлекеттик кызматкерлер, бизнес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Форум Hyatt Regency мейманканасында (Абдрахманов көч., 191) саат 10.00дөн 16.30га чейин өтөт.

18-10-2018

Бул долбоордун алкагында, студенттерди муктаждыктарына жана окуудагы жетишкендиктерине жараша стипендиялар менен камсыз кылуу, студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын илимий изилдөө дараметин күчөтүү жана Борбор Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) “Бизнести башкаруу” программасына эл аралык аккредитацияны алуу максаттарын көздөп, АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) БААУ менен кызматташтыкты ишке ашырууда.

Борбор Азиялык соода форуму – бул Борбордук Азиянын 70 миллиондук карадрларына жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө боюнча уникалдуу платформа.
12-10-2018

17-18-октбярда 35 ашуун Кыргызстандын ишканларынын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Ташкентте өтүүчү сегизинчи Борбор Азиялык соода форумуна катышат. USAIDдин жардамы менен бир катар кыргызстандык ишканалар бул форумдагы продукция көргөзмөсүнө да катышат. Форум USAID жана Өзбекистан Өкмөтү тарабынан уюштурулуп жатат.

Pages