Америка Кошмо Штаттары Ташкентте Борбор Азиялык соода форумун өткөрөт

Press Release Shim

Speeches Shim

Борбор Азиялык соода форуму – бул Борбордук Азиянын 70 миллиондук карадрларына жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө боюнча уникалдуу платформа.
Борбор Азиялык соода форуму – бул Борбордук Азиянын 70 миллиондук карадрларына жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө боюнча уникалдуу платформа.
USAID

Шашылыш жарыялоого

Жума, 12 Октябрь, 2018

17-18-октбярда 35 ашуун Кыргызстандын ишканларынын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Ташкентте өтүүчү сегизинчи Борбор Азиялык соода форумуна катышат. USAIDдин жардамы менен бир катар кыргызстандык ишканалар бул форумдагы продукция көргөзмөсүнө да катышат. Форум USAID жана Өзбекистан Өкмөтү тарабынан уюштурулуп жатат.

Көргөзмөдө бүткүл региондон келген түрдүү жааттагы ишканалар катышат: транспорт, туризм, маалымат технологиялары, өнүдүрүш, айыл-чарба жана башкалар. Өткөн жылы, кыргызстандык ишканалар 4,6 млн АКШ долларлык болочок келишимдер боюнча жолугушууларды өткөрдү. Өлкөлөр аралык сооданы өнүктүрүү – USAIDдин алдыңкы максаттарынын бири.

Борбор Азиялык соода форуму – бул Борбордук Азиянын 70 миллиондук карадрларына жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө боюнча уникалдуу платформа. Өткөн жылы, Алматыда өткөн форумга 18 өлкөдөн 1100 катышуучу келди.

Биринчи жолу 2011-жылы Бишкекте өткөрүлгөндөн тартып, форум Азиядан, Европадан, Жакынкы Чыгыштан жана АКШдан келген ишкана башчыларга, мамлекет кызматкерлерине жана түрдүү адистерге өз идеяларын бөлүшүү, келишимдерди жана өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн платформа болуп калды.

Форум USAIDдин Борбодук Азияда жумуш орундарын, сооданы жана атаандаштыкты жогорулатуу боюнча долбоорунун жардамы менен өтүп жатат. Бул долбоор мөмө-жемишти иштетүүдө жумуш орундарын түзүү жна экспорттоого көмөктөшүп, туризмди жана өлкөлөр аралык транспорт жанан логистиканы өнүктүрүүнү көздөйт. Ишканаларга регионалдык деңгээлде атаандашууга көмөктөшүү жана соодага болгон жолтоолорду азайтуу аркылуу, USAID экспорт аркылуу өнүгүүнү жана жеке сектордогу түрдүүлүктү жана атаандаштыкты колдойт.

Форумга каттоо жана кошумча маалымат алуу үчүн www.catradeforum.org (link is external) вебсайтына барыңыз.

You are entering the 2017-2020 Archive for the
United States Agency for International Development web site.

If you are looking for current information, visit www.usaid.gov.