Эпидемияны токтотуу: Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүдөгү жылыштар

Press Release Shim

Speeches Shim

Акыркы беш жылда, кургак учуктан көз жумгандардын саны 26%га жана андан жабыркоо учурлары 13%га азайды.
Акыркы беш жылда, кургак учуктан көз жумгандардын саны 26%га жана андан жабыркоо учурлары 13%га азайды.
Оливье Леблан

Шашылыш жарыялоого

Дүйшөмбү, 8 Апрель, 2019

Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жыл сайын өлкөдө 500дөй кишинин өмүрүн алып кеткен жугуштуу оору – кургак учук менен күрөшүүдө ири прогресске жетишкенин билдиришти.

Мындай билдирүү бүгүн, Бишкек шаарында, “Кургак учукту көзөмөлдөө боюнча акыркы беш жыл ичиндеги жетишкендиктер” аттуу конференцияда жасалды. Бул иш чарага 250гө жакын бийлик өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.    

Бул беш жыл аралыгында Кыргыз Республикасында USAID тарабынан каржыланган эки долбоор ишке ашып келген: “Кургак учукту жеңүү” жана “Кургак учукка каршы күрөш”.

Кургак учук менен күрөштөгү Кыргызстандагы акыркы жетишкендиктер:

  • Акыркы беш жылда, кургак учуктан көз жумгандардын саны 26%га жана андан жабыркоо учурлары 13%га азайды.
  • Кургак учук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик системадагы реформалар бюджеттик каражаттан 19 миллион сом (1,7 АКШ доллар) үнөмдөп калууга мүмкүндүк берген. Бул каражаттар кызматтардын сапатын жакшыртууга, дары-дармектерге жана саламаттыкты сактоо системасын инновациялоого жумшалды. 
  • Жаңы дарылоо ыкмалары жана дарылардын жардамы менен кээ бир бейтаптарды дарылоо мөөнөтү 24 айдан 9 айга кыскартылган.
  • Көп учурда дарылануусу ийгиликсиз болгон оорунун оор формаларын (ШЛУ-ТБ жана МЛУ-ТБ) айыктыруу мүмкүн болду.
  • Кургак учукту аныктоо лабораториялары жаңыртылып, жыйынтыктар мурункудан да тагыраак жана эки эсе азыраак убакыттын ичинде бериле баштады. 
  • Айлар бою ооруканада дарылануунун ордуна, бейтаптар эми үйүнүн жанында же кээ бир учурларда, жадагалса өз үйлөрүндө дарылана алышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева өз сөзүндө бул жетишкендиктөр көп өнөктөштөрдүн катышуусунда болгонун белгиледи. “USAIDдин техникалык жардамы өтө чоң салым кошту. Учурдан пайдаланып, бул конференцияга катышып жаткандардын баарын, саламаттыкты сактоо системасын, айрыкча кургак учук менен күрөшүү сыяктуу сезимтал жаатында, бекемдөөгө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Назгүл Ташпаева.

USAID миссиясынын директору, Гари Линден агенттиктин кургак учук менен күрөшүүнү улантуу ниетин билдирип: “Кыргызстанда кургак учук маселеси олуттуу бойдон кала берүүдө. Биздин алдыбызда дагы көп иш бар. Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү бул күрөштү колдоону улантат. Бирге, биз кургак учукту жеңебиз!”, - деди Гэри Линден.

Кыргызстанда жылына 6 миңдей киши кургак учукка кабыл болот. Андан тышкары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, кургак учуктун туруктуу формаларынан таралышы боюнча, Кыргызстан алдыңкы 30 өлкөнүн арасына кирет.