Кыргыз Республикасынын мыкты экспортоочулары аталды

Press Release Shim

Speeches Shim

Тигүү өнөр жайы, зергерчилик жана курулуш сыяктуу түрдүү экономика секторлорун баштаган кыргызстандык ишканаларга жалпысынан 25 сыйлык ыйгарылды.
Тигүү өнөр жайы, зергерчилик жана курулуш сыяктуу түрдүү экономика секторлорун баштаган кыргызстандык ишканаларга жалпысынан 25 сыйлык ыйгарылды.
КР Өкмөтү

Шашылыш жарыялоого

Шаршенби, 8 Май, 2019

2019-жылдын 6-май күнү «Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу – 2018» улуттук сынагынын жеңүүчүлөрү Хаятт Ридженси Бишкек мейманканасында өткөн салтанаттуу азем учурунда аталып сыйланды. Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан өткөрүлүп, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосунда ишке ашырылды.

Тигүү өнөр жайы, зергерчилик жана курулуш сыяктуу түрдүү экономика секторлорун баштаган кыргызстандык ишканаларга жалпысынан 25 сыйлык ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдүн толук тизмесин тиркемеден көрсөңүздөр болот.

«Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» улуттук сынагы атамекендик өнүмдөрдү экспорттоо аркылуу улуттук экономикага олуттуу салым кошкон Кыргызстандын алдыңкы экспорттоочуларын белгилеген жыл сайын өткөрүлүп турчу ишчара. Сыйлыктар инвестицияларга шарт түзгөн жана экспорт багытындагы өндүрүштөргө жана кайра иштетүүгө көмөктөшкөн экономикалык өрнөк-мисалдарды кеңири жайылтуу максатын көздөйт.  

Салтанаттуу аземге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анын айтымында, экспортту өнүктүрүү Өкмөттүн ишинин башкы артыкчылыктарынын бири. “Мындан тышкары Өкмөттүн токтому кабыл алынган, ага ылайык, экспортко багытталган ишканаларды жеңилдетилген шарттарда 1 млрд сом суммасына насыялоо долбоору бекитилген”, - деди Премьер-министр.

Аземге катышкан АКШнын элчиси Доналд Лу, айыл чарба продукциясын экспорттоо Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө чоң салымын кошооруна АКШ Өкмөтү ишенээрин белгилеп кетти. «Акыркы беш жылда биз кыргызстандык дыйкандарды колдоо үчүн 42 млн АКШ долларын жумшадык. Биргелешип, биз өлкөдө 19 миң жаңы жумуш орундарын жаратабыз”, - деди элчи.

USAID «Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу – 2018» улуттук сынагын «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында колдоого алды. Бул долбоор – чакан жана орто ишканаларды күчөтүү аркылуу жумуш орундарын түзүп, кыргызстандыктардын кирешесин көбөйтүүгө багытталган беш жылдык демилге.