"Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоору

Speeches Shim

«Адамдын укугу жана кадыр-баркы» долбоору мигранттарды жана потенциалдуу мигранттарды адам сатуу жана башка олуттуу адам укуктарын бузуудан коргоо үчүн багытталган. Долбоор кыйынчылыкка учураган мигранттарга үйүнө коопсуз кайтып келүүгө жана жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берет.  
«Адамдын укугу жана кадыр-баркы» долбоору мигранттарды жана потенциалдуу мигранттарды адам сатуу жана башка олуттуу адам укуктарын бузуудан коргоо үчүн багытталган. Долбоор кыйынчылыкка учураган мигранттарга үйүнө коопсуз кайтып келүүгө жана жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берет.  

Мөөнөтү: Октябрь 2015 – Сентябрь 2020

Бюджети: 1,8 млн АКШ Доллары

Долбоорду ишке ашыруучу уюм: Эл Аралык Миграция боюнча Уюму (МЭАУ) / БУУнун Миграция боюнча Агенттиги

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Миграция кызматы, КР Эмгек жана Социалдык Өнүктүрүү Министрлиги, КР Ички Иштер Министрлиги, КР Тышкы Иштер Министрлиги, жергиликтүү Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ), Коомдук уюмдар (КУ); Профсоюздар; Акыйкатчы институту; Массалык маалымат каражаттары (ММК); Укук коргоочулар

Долбоор ишке ашырылуучу аймак: Кыргыз Республикасы

«Адамдын укугу жана кадыр-баркы» долбоору мигранттарды жана потенциалдуу мигранттарды адам сатуу жана башка олуттуу адам укуктарын бузуудан коргоо үчүн багытталган. Долбоор кыйынчылыкка учураган мигранттарга үйүнө коопсуз кайтып келүүгө жана жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берет.   

НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор үч негизги максатты көздөйт. Биринчиси – бул коомчулуктун билимин жогорулатуу жана адам укуктарын колдоо. Экинчиси – адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү үчүн өкмөт жана бейөкмөт уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Акыркысы – коопсуз эмгек миграциясына жана адам сатууга басым жасоо менен адам укуктары боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү жана тактоо. Долбоор мигранттар жана потенциалдуу мигранттардын өз укуктарын жана эл аралык миграция мыйзамдарын бекем билүүсүнө ээ болуш үчүн, алар менен абдан тыгыз байланышта иштейт.

НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Долбоор башталган 2015-жылдан бери тартып, түрдүү социалдык тармактарда долбоордун жардамы менен жаратылган «Коопсуз миграция» баракчалары 1 миллионго жакын адамды камтыды. Алар коопсуз миграциянын ыкмалары жана адам сатуунун коркунучу жөнүндө ар кандай маалымат менен камсыз болду. Мигранттар үчүн, Интернет жакынкы адамдардан кийин эле экинчи орунда турган маалымат булагы деп эсептелинет. Бул баракчаларды, долбоордун алкагында социалдык медианы башкаруу боюнча атайын окуудан өткөн, өнөктөш мамалекеттик эмес уюмдар алып барышат.
  • Долбоор башталгандан тартып, 12 миңге жакын адам акысыз ишеним телефону аркылуу коопсуз миграция боюнча сунуштарды жана кеңештерди алышты.
  • Адам сатуудан жабыр тарткан 439дан ашуун адам бизнести баштоо үчүн гранттар, медициналык жардам, окутуу, психологиялык колдоо, жоголгон документтерди калыбына келтирүү ж.б.у. сыяктуу жардам алышты. Бул колдоонун түрү адам сатуунун курмандыктары үчүн кайтып келгенден кийин өз коомчулугуна кошулуп, жашоосун калыбына келтирүүдө өтө маанилүү.
  • Долбоор журналисттерди, блоггерлерди жана мамлекеттик органдардын адистерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мигранттар жөнүндө туура жол менен сөз кылуу боюнча машыктырды. Мигранттар жөнүндө туура ыкмада сүйлөө мигранттарга карата болгон терс көз караштар менен күрөшүүгө жардам берет.
  • USAIDдин «Кадыр-барк жана укуктар» долбоорунун алкагында жазылган ички миграция боюнча изилдөөлөр жалпы үчүн жакшы маалымат булагы болуп, Кыргыз Республикасындагы жаңы миграциялык саясатын иштеп чыгуусуна өбөлгө түзүп жатат. Изилдөө бир жака көчүп жатканда ар кандай категориялардагы мигранттар ар түрдүү факторлорго көңүл бөлөөрүн көрсөттү. Мисалы, эркектерге экономикалык себептер көбүрөөк түрткү берет; аялдар, үй-бүлө шарттарына байланыштуу, жана жаштар жашоо шарттарга көбүрөөк көңүл бурушат.