USAID Кыргызстанда Ковид-19 менен күрөшүүгө кошумча 190 млн сом бөлүп берди

Press Release Shim

Speeches Shim

Бул акча медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөнү, тестирлөөнү, диагностиканы жана Ковид-19 байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө элди маалымдоону жакшыртууга багытталат.
Бул акча медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөнү, тестирлөөнү, диагностиканы жана Ковид-19 байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө элди маалымдоону жакшыртууга багытталат.
JSI/USAID

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, 13 Август, 2020

Бишкек, Кыргызстан - АКШ Өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги аркылуу Кыргыз Республикасында Ковид-19 падемиясы менен күрөшүүгө кошумча 190 млн сом (2,5 млн АКШ долл.) бөлдү. Бул акча медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөнү, тестирлөөнү, диагностиканы жана Ковид-19 байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө элди маалымдоону жакшыртууга багытталат. Бул иш багыттары КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР Өкмөтү менен кеңешүү аркылуу аныкталган. 

Бул жардам Abt Associates уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугу” долбоору аркылуу берилет. Бул долбоор бейтапканаларга жана башка медициналык уюмдарга инфекцияны алдын алуу жана таралышын токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жардам берет. Жаңы бөлүнгөн каражат КР Өкмөтүнүн Ковид-19дун жаңы учурларын аныктоо жана калкты бул жаңы коронавирус жөнүндө маалымдоо боюнча аракетин күчөтүүгө багытталат. Керек болгон учурларда, илдет менен күрөшүү үчүн кошумча медициналык каражаттарды сатып алууга да багытталат. 

USAID буга чейин да Кыргызстанга Ковид-19 менен күрөшүүгө акчалай каржат бөлүп жана материалдык колдоо көрсөтүп келген. Март айында, USAID өлкөдөгү медициналык кызматкерлерге өздүк коргонуу каражаттарын өткөрүп берген. Андан тышкары, пандемияга каршы алгкачкы аракеттерди колдоого 95 млн сом (1,23 млн АКШ доллары) бөлүп берген. 

Ковид-19 илдети тарап баштагандан бери АКШ Өкмөтү дүйнө боюнча бул илдет менен күрөшүүгө 1,5 млрд. АКШ долларын бөлдү. 

1992-жылдан бери АКШ Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн колдоо үчүн 2,1 млрд АКШ долларын бөлүп берген. Анын ичинде 132 млн доллары саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга багытталган.