Окуу Керемет!

Speeches Shim

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1687 мектепте ишке ашырлып жатат.
Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1687 мектепте ишке ашырлып жатат.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстанда башталгыч мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1687 мектепте ишке ашырлып жатат.

Долбоордун мөөнөтү: 1-нояб. 2019-ж – 30-окт. 2024-ж

Бюджети: 18,9 млн АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: RTI International

Негизги өнөктөштөр: КР Билим берүү жана илим министрлиги; КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту; Аймактык мугалимдерди окутуу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институттары

Долбоор камтыган аймак: Кыргыз Республикасы

ДОЛБООРДУН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

«Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстарда окуу жана математика сабактарын окутуу сапатын жогорулатууну көздөйт. Андан тышкары, долбоор окуучуларды жогорку сапаттагы окуу жана математика боюнча кошумча материалдар менен камсыз кылат. 

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР 

  • «Окуу керемет!» долбоору 18 миң мугалим, китепканачы, жана башка эл агартуучуларды окуу жана математика сабактарын окутуу боюнча натыйжалуу ыкмаларына үйрөтөт. Окутуу долбоордун алкагында иштелип чыккан материалдардын негизинде өтөт.
  • Долбоордун алкагында, USAID 1687 мектепти жана 82 коомдук китепканаларды 900 миңден ашык жаңы китеп нускалары менен камсыздайт. Окуу жана математика боюнча сапаттуу кошумча материалдар окуучулардын билимин жогорулатууга жардам берет. Бул материалдар окуучулардын жашын жана ар түрдүүлүгүн эске алып, алардын эне тилинде иштелип чыгат. 
  • Долбоор Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин кесиптик чеберчилигин окуу процесси учурунда өркүндөтүүгө жардам берет. Долбоор болочок мугалимдерди кесипке даярдоо программаларын өркүндөтүү максатында педагогикалык окуу жайлары менен дагы кызматташат.
  • Долбоор мектептен сырткары окуу программаларын өнүктүрүү максатында ата-энелер жана мектептер менен тыгыз иш алып барат. Мындай иш-чаралардын алкагында, USAID 1 миңден ашуун мектептерге окуу жана математика боюнча жайкы/кышкы лагерлерди өткөрүүгө жардам берет.
  • Бул иш-чаралар жаш балдардын башталгыч билим алуусуна, айрыкча окуу жана математика сабактарын мыкты өздөштүрүүгө көмөк болот. Бул ыкмалар канчалык натыйжалуу экенин билүү үчүн, USAID башталгыч мектеп окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин баалайт.
  • Мындан тышкары, USAID башталгыч билим берүүдө гендердик теңчилик жана социалдык инклюзивдүүлүк маселелерин чагылдыруу үчүн изилдөө жана баалоо жүргүзөт.