"Жигердүү жарандар" долбоору

Speeches Shim

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бир нече муниципалитеттери тартылат.
Долбоорго Кыргыз Республикасынын бир нече муниципалитеттери тартылат.
Эркин Болжуров

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору жергиликтүү маселелерди чечүү үчүн жарандар, жергиликтүү бийлик органдар, бейөкмөт уюмдар жана жеке сектор арасындагы кызматташууга жардам берет.

ДОЛБООРДУН УЗАКТЫГЫ: октябрь 2019-ж. – сентябрь 2024-ж.

БЮДЖЕТИ: 14 млн. АКШ доллары

ДОЛБООРДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУЧУ УЮМ: FHI 360

НЕГИЗГИ ӨНӨКТӨШТӨР: ACTED, «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмеси

ДОЛБООРДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН АЙМАКТАРЫ: бүтүндөй республика боюнча
 

КОНТЕКСТ

«Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы» жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу жана жергиликтүү маселелерди чечүүдө жарандардын катышуу деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт. 

Бул максатка жетүү үчүн жарандардын, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдарынын жана жеке сектордун кызматташуусу зарыл. Мындан тышкары, жергиликтүү калк үчүн зарыл богон маселелер боюнча биргелешип иш алып баруу үчүн, айыл өкмөттөр жана мэриялар бул топтордун ар бири менен өз ара иштеше билиши зарыл.

«Жигердүү жарандар» долбоору жергиликтүү конкреттүү маселелерди чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бейөкмөт уюмдары жана жеке сектор менен иштешет жана алардын кызматташтыгы үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.

ДОЛБООРДУН  НЕГИЗГИ  БАГЫТТАРЫ

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бир нече муниципалитеттери тартылат. Бул муниципалитеттерде долбоор төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарат: 

  1. Жарандарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жергиликтүү маселелерди чечүүдө чогуу иштеше билүүгө үйрөтөт;
  2. Жарандардын жана бейөкмөт уюмдарынын өз ара аракеттешүүсүн жакшыртууга жана мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда чогуу иштешүүгө көмөк көрсөтөт;
  3. Жарандар өз укуктарын түшүнүүсүнө жана өз укуктарын коргоонун жолдорун билүүсүнө жардам берет.

ДОЛБООРДУН  КҮТҮЛҮҮЧҮ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ МАСЕЛЕЛЕРДИН ЧЕЧИМДЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУ ҮЧҮН ДИАЛОГ ТҮЗҮҮ
Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жергиликтүү маселелердин чечимдерин иштеп чыгуу боюнча демилгелүү топторду түзүүгө көмөктөшөт. Бул топторго бизнестин, мамлекеттик органдардын, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жана катардагы жарандар кирмекчи. Долбоор жүзөгө ашырылуучу жерлерде эң көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жардам берүү үчүн 25-30 топ түзүлөт.

КОНКРЕТТҮҮ ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУДА КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ
Долбоордун колдоосу менен, айрым муниципалитеттердин жашоочулары жана республикалык деңгээлдеги бейөкмөт уюмдар 6-8 багытта саясатты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгарышат – мисалы, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ИЙГИЛИКТЕРДИ КЕҢИРИ ЖАРЫЯЛОО  
Жарандар ар кандай демилгелерди көтөрүп, жергиликтүү маселелерди кантип чечип жаткандыгын көрсөтүү үчүн маалыматтык кампаниялар өткөрүлөт. Долбоор шаарлардын жана айылдардын өнүгүүсүнө жарандардын катышуусуна көңүл буруу максатында бир нече маалыматтык кампанияларды, ошондой эле беш улуттук конференция өткөрүүнү пландаштырат. 

СОТ ТУТУМУНА ЖЕТКИЛИКТИ ЖАКШЫРТУУ
Долбоор жарандар өздөрүнүн укуктары жана Кыргызстанда укук жана сот тутумун кантип колдонуу керектиги туурасында көбүрөөк билүүсүн көздөп, 10 миңге жакын кыргызстандыктар үчүн окутуучу иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырат. Мындан тышкары, долбоор акысыз юридикалык жардам берүүнүн мамлекеттик тутумун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.