"Бирге окуйбуз" долбоору

Speeches Shim

Долбоор 265,000ге жакын башталгыч класстардын окуучуларын камтыйт
Долбоор 265,000ге жакын башталгыч класстардын окуучуларын камтыйт
USAID/Kyrgyz Republic

Мөөнөтү: июль 2013 – октябрь 2017

Бюджет: $9,410,609

Ишке ашыруучу уюм: Америкалык  изилдөө  институту жана Балдарды коргоо фонду

Негизги өнөктөштөр: КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы.

Ишке ашырылган аймак: республика боюнча

 

Долбоор текст окууну үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү  жана окууну коомчулукта жайылтуу аркылуу 1-4-класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

USAIDдин  «Бирге окуйбуз»  долбоору окуучулар үчүн окуу стандарттарын иштеп чыгуу, окуу материалдарын даярдоо жана мугалимдерди, ата-энелерди жана коомчулуктун өкүлдөрүн окутуу аркылуу окуу чөйрөсүн жакшыртуу боюнча көп тараптуу  жана системалык түрдө иш алып барат. Мугалимдерге үзгүлтүксүз билимин жогорулатуу үчүн долбоор мекемелер, мектептер, жамааттар жана жеке сектор менен иш алып барат.  

Мектептин базасындага окутуудан башка, мугалимдер жана тиешелүү кызматкерлер жергиликтүү уюмдарда окуудан өтүшүп жатканы жрегиликтүү бийлик долбоордун ыкмаларын түшүнүп, керек болсо колдоно аларынан кабар берет. USAID маалымат иш-чаралары жана кампаниялары аркылуу үй-бүлөдө китеп окуу тажрыйбасын бекемдөөгө жардам берет.

Долбоордун алкагында, USAID башталгыч класстардын окуучулуранын текст окуу  жөндөмүн изилдеп, ал изилдөөнүн жыйынтыктарын чогултуп, талдап жана анын жыйынтыктарына таянып туура  чечим чыгарууга  жардам берет. Кыргыз Республикасында USAID кыргыз жана орус тилдериндеги  окутуунун  жана окуунун сапатын жакшыртуу аракетине көмөк көрсөтөт.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  менен бирдикте иш алып барат.

КҮТҮЛҮҮЧҮ  ЖЫЙЫНТЫК ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Долбоордун Кыргызстан боюнча 1,350 мектепти жана 265,000ге жакын башталгыч класстардын окуучуларын камтыйт.
  • Долбоор башталгыч класстардын мугалимдери үчүн тренингдик материалдардын топтомун иштеп чыгып жана алар Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши  тарабынан бекитилген.
  • 10,000ден ашык башталгыч класстардын мугалимдери 72 сааттык окуудан өтүп, Кыргыз билим берүү академиясынын же регионалдык окуу жайларынын сертификаттарын алышты.
  • 264,000 ашуун кыргыз тилинде китептер сатылып алынды жана аларды 2017-жылы өлкөнүн мамлекеттик орто мектептерине таратылат.
  • Улуттук тестирлөө борбору (УТБ) менен биргеликте долбоор 2015-2016-жылдары башталгыч  окуучуларынын окуу деңгээлин үч ирет ченөө өткөрүлдү. Жыйынтыктоочу текшерүү 2017-жылдын апрель айында өткөрүлөт.
  • Изилдөө көрсөткөндөй, долбоор иштеген мектептерде окуучулардын негизги окуу көндүмдөрү башка мектептер менен салыштырмалуу олуттуу жакшырды.
  • Мектептерге, коомдук жана мектеп китепканаларына жана жамааттарга ар кандай курактагы топтор үчүн  окуу материалдарын иштеп чыгуу жана колдонуу жардамы  көрсөтүлдү. 
  • Окуунун маанилүүлүгүн жайылтуу максатында башталгыч класстардын окуучулары үчүн 1,400дөн ашык окуу лагери жана башка көптөгөн сабактан тышкаркы иш-чаралар өткөрүлдү.
  • 7,200 ашык мугалимдер, ата-энелер жана жамааттын мүчөлөрү окуу маданиятын үй-бүлөдө, мектептерде жана жамааттарда жайылтуу окуусун аякташты.
  • К.Баялинов атындагы коомдук китепканасы менен биргеликте “Сыйкырдуу сандыктын саякаты” аттуу демилгенин алкагында 6 китепканада окуу жерлери уюштурулду жана ойноо материалдары менен камсыз болушту. 
  • Бишкек жана Ош шаарларындагы сокур жана начар көргөн мектеп-интернаттарынын 23 мугалимдерине окуу техникалары жана атайын заманбап технологиялары колдонуу  боюнча атайын тренингдерин өтүштү.