"Келгиле, окуйбуз!" долбоору

Speeches Shim

2017-жылдын аягына 200 миңден ашык окуучу эки негизги окуу көндүмдөрүн: алфавит менен таанышуу жана тыбыштык кабыл алууну жаңы окутуу методикасынын негизинде үйрөнүштү.
2017-жылдын аягына 200 миңден ашык окуучу эки негизги окуу көндүмдөрүн: алфавит менен таанышуу жана тыбыштык кабыл алууну жаңы окутуу методикасынын негизинде үйрөнүштү.
USAID/Kyrgyz Republic

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору 1-4-класстардын окуучуларынын негизги окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта, өлкө боюнча кыргыз жана орус тилдеринде окутулган 900 мектепте ишке ашырылат.

Долбоордун мөөнөтү: октябрь 2016-ж.– сентябрь 2020-ж.

Бюджети: 9,9 млн АКШ доллары

Ишке ашыруучу уюм: Chemonics International

Негизги өнөктөштөр: КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту

Ишке ашырылган аймак: республика боюнча

ДОЛБООРДУН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоордун негизги компоненттеринин бири – мугалимдерге, мектептердин администраторлоруна, китепканачыларга жана билим берүү тармагындагы адистерге китеп окутуу боюнча мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүүдө, жайылтууда жана натыйжалуу колдонууда көмөк көрсөтүү. Мындай иш-аракеттер тийиштүү мектеп кызматкерлерин окутуусун жана жаңы окуу материалдарын иштеп чыгуусун, окутуудагы колдонмолорун жаңыртуусун камтыйт. 

Кызыктуу жана ар-турдүү китептер балдарга жеткиликтүү болгондо алар китеп окууга кызыгышат. USAID мектептерди сапаттуу окуу материалдары менен камсыз кылуу максатында балдар үчүн китептердин авторлору, иллюстраторлору жана жергиликтүү басмаканалар менен тыгыз байланышта иштейт.     

Мындан тышкары, долбоор “окуу лагерлерин”,  окуучулар жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен ар кандай иш-чараларын уюштуруп келет. Аталган иш-чаралар окурмандык маданиятын жогорулатуу менен бирге, пайдалуу убакыт өткөрүүгө жакшы мумкүнчүлүк түзөт.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Долбоор беш негизги окуу көндүмдөрү боюнча 10 комплекстүү окуу модулдарын жана алдыңкы окутуу тажрыйбалары боюнча материалдарын даярдады. Материалдар Билим берүү жана илим министирлиги, Кыргыз билим берүү академиясы жана Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан жактырылып, кабыл алынган.
  • Бул жаңы материалдардын негизинде 400дөн ашуун улуттук тренер, 9 миң мугалим, методист жана башка мектеп кызматкерлери окутулду. Натыйжада, 220 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары жаңы ыкмалардын жардамы менен китеп окууну үйрөнүп жатышат.
  • Долбоордун тренингдерине катышкан 120 ашуун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери 2019-2020 окуу жылында 900 мектеп усулдук бирикменин башчылары үчүн китеп окутуу ыкмаларын жакшыртуу боюнча тренингдерди өткөрүштүү.  
  • Алты педагогикалык окуу жайы 2019-2020 окуу жылынын планына китеп окутуу ыкмаларын өркүндөтүү боюнча программасын киргизишти. Окутуу планы “Келгиле, окуйбуз!” долбоору тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин ЖОЖ арасындагы методикалык бөлүмү тарабынан бектилиген. Жаңы окуу программанын алкагында 1 миңден ашуун башталгыч класстарды окутуу боюнча факультеттин студенттери жана мугалимдери окутулган.
  • USAID 968 миңден ашуун нускадагы китеп даярдалды, анын ичинде 152 жаңы жана кайрадан басылып чыккан кыргыз жана орус тилдеринде аңгемелер камтылган. Бул китептер 900 мектепке, райондук жана шаардык билим берүү бөлумдөрүнө жана педпгогикалык окуу жайларына таратылып жатат.
  • 122 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучулары жана 500 ата-эне долбоордун колдоосу менен уюштурулган ар кандай класстан тышкары окуу иш-чараларына катышкан.
  • COVID-19 пандемиясына байланыштуу жарыяланган карантин учурунда окуу маданиятын жайылтуу максатында долбоор #БалдаргаКитепОкуйбуз аттуу акцияны ишке ашырды. Анда долбоор жарыялаган китептерди балдарга окуп берүү өтүнүчү менен социалдык тармактарда белгилүү шоу-бизнес өкүлдөрүнө кайрылган. Видеолорду 300 миңден ашуун киши көрүп, социалдык тармактарда жүздөгөн колдонуучулар үйлөрүндө китеп окуган видеолорду жарыялашкан.
  • Долбоордун баардык материалдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин вебсайтына киргизилген: