Жалпы республикалык тест аркылуу теӊдикти камсыздоо (ЖРТ)

Speeches Shim

2012-жылдан тартып ЖРТ бардык жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн милдеттүү болуп калды.
2012-жылдан тартып ЖРТ бардык жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн милдеттүү болуп калды.
Kairatbek Murzakimov

Мөөнөтү: 2002-жылдан – 2016–ж сентябрына чейин.

Бюджет: 1,1 млн АКШ доллары

Аткаруучу: Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ)

Негизги өнөктөштөр: КР Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ)

ИШМЕРДИКТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

2002-жылы USAID  жана Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) иштеп чыгып, ишке ашыруунун башатында турган.

Ошол эле учурда «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» деп аталган көз карандысыз тестирлөө мекемеси уюштурулуп, ага USAID тестти түзүү жана өткөрүү үчүн финансылык каржылоо менен жардам берген. Көз карандысыз мекеменин түзүлүшү тестирлөөнүн жыйынтыктарынын ачык жана акыйкат баалынышына кепил болууга жардам берди.

2002-жылдан тартып USAID Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) өткөрүүгө, тесттин тапшырмаларынын базасын жаӊыртууга, тестке даярданууга окуучулар үчүн колдонмолорду иштеп чыгарууга жана өлкөбүздөгү коомчулукту маалымдоо үчүн иш-чараларды өткөрүүгө 1.1 млн АКШ долларынан ашуун каражатты бөлүп берди.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 2012-жылдан тартып мамлекеттик жана жеке менчик болгон бардык жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн ЖРТ милдеттүү болуп калды.
  • ЖРТ жогорку окуу жайларга тапшыруу процессин гана эмес, окуучуларга университеттин финансылык каржылоо процессин да кесиптештирүүгө жардам берет. Бүгүнкү күндө жарым миллиондон ашуун жаш кыргызстандыктар ЖРТга ачык жана акыйкат тандоонун негизинде катышып, 70 миңден ашууну Кыргыз Республикасы каржылаган стипендия ала алган.
  • Стипендия алган студенттердин 50% ашыгы айыл жеринен келгендиктен, эгерде жалпы республикалык тест болбосо, алардын жогорку окуу жайда окуу мүмкүнчүлүгү чектелип калмак;
  • 2016-17-жж. UASIDдин каржылоосу тесттин жашыруундугун күчөтүп, тест тапшырмаларынын варианттарынын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Металлодетекторлорду сатып алуу жана атайын тесттин коопсуздугу үчүн жоопкер болгон адамды киргизүү дагы тесттин жашыруундугун күчөтүүгө өз салымын кошту;
  • Кыргыз жана орус тилдериндеги биология, химия, математика, тарых, физика жана англис тили боюнча предметтик тесттердин тапшырмалары жаӊыртылып, толукталып, кайра иштетилди;
  • ЖРТга даярдануу боюнча маалыматтарды, практикалык онлайн тесттерди жана нускамаларды, видеосабактарды, мугалимдер үчүн кеӊештерди камтыган www.testing.kg  веб-сайты жаӊыртылды;
  • Ошондой эле ББОУБ бир учурда 20 абитуриент тестти тапшыра алган ЖРТга даярдануу үчүн атайын компьютердик классты түздү;
  • ЖРТга даярдануу үчүн брошюралар жана жаӊыртылган окуу колдонмолор жаӊыланып, басылып чыгарылды;
  • UASIDдин каржылоосу менен алынган жаӊы сканер аркылуу тесттик маалыматтарды иштетүү кыйла тез жүргүзүлүп калды.