Парламентке жардам көрсөтүү, шайлоочуларга маалымат берүү жана шайлоолорго байкоо жүргүзүү

Speeches Shim

Коалициянын кол-центринин операторлору шайлоо күнү кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардан телефон чалууларын алып жатышат.
Коалициянын кол-центринин операторлору шайлоо күнү кыска мѳѳнѳттѳгү байкоочулардан телефон чалууларын алып жатышат.
Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы

Узактыгы: 2016-2019

Аткаруучу өнөктөш: «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук бирикмеси

Негизги өнөктөштөр: Борбордук Шапйлоо Комиссиясы, Мамлекеттик Каттоо Кызматы, Министрликтер жана Мамлекеттик Органдар, Парламенттин Мүчөлөрү, CIIP, “Прецедент” КБ, жарандык коом, ММК

Географиялык алкагы: Кыргыз Республикасы

Долбоор шайлоолорго байкоо жүргүзүү аркылуу Кыргыз Республикасында демократиянын өнүгүүсүнө түрткү берип, шайлоочулар үчүн маалыматка жол ачып, шайлоого таламдаш жактарга тең укуктуу катышуусун камсыздоого, талаш-тартыштарды чечүүну жөңгө салууга жана шайланган кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Андан тышкар, программа Жогорку Кеңештин ишине байкоо жүргүзүү аркылуу саясий чечимдерди кабыл алуу жараянын өркүндөтүүгө көмөктөштү.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

  • Шайлоо тууралуу калктын маалымат алуусун өнүктүрүү;
  • Байкоочулар ачкан укук бузуулар жана шайлоо тартыштары боюнча отчет;
  • Байкоочулардын берилмелерин чогултуу жана иштеп чыгуу. Шайлоо процесси боюнча көз карандысыз жыйынтыктарды камтыган отчет чыгаруу;
  • Парламенттин ишмердүулүгү боюнча маалыматты кеңейтүү. Парламенттин комиттеринин жыйндарына байкоо жүргүзүү.
  • Бишкекте жана аймактарда шайлоочулар депутаттар менен биргеликте айкын маселелерди жана приоритеттик милдеттерди талкулоого жардам көрсөтүү;
  • Негизги социалдык маселелер, мыйзым долбоорлор жана Парламенттин ишмердүулүгү боюнча жарандардын баа берүүсүн телефондук сурамжылоо аркылуу коомдук пикирди изилдөө.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 2016-жылы өткөн Референдум, жергиликтүү шайлоолорун жана 2017-жылы өткөн Президенттик шайлоого эл аралык тажрыйбанын жардамы менен байкоо жүргүзүү шайлоо процессинин тунуктугун кеңейткен, жарандардын шайлоо жыйынтыктарына болгон ишенүүсүн арттырган комплекстик жыйынтыктарын сунуштады.
  • Жалпы шайлоо жараянына 500 участкада байкоо жүргүзгөн он чактыдан ашык узак мөөнөттүк жана миңден ашык кыска мөөнөттүк байкоочулардын катышуусу менен өткөн улуттук байкоо кампаниясынын жардамы менен добуштарды көз карандысыз эсептөө жүрдү (Параллелдик  добуштарды эсептөө).
  • Шайлоо жараяны боюнча коомду кабардар кылуу жана шайлоого жарандарды активдүү катышууга чакыруу боюнча жалпы улуттук кампания жүрдү.
  • Коалиция долбоордун алкагында Жогорку Кеңештин пленардык жыйындары жана эки комитеттин жыйындарына байкоо жүргүзөт. Байкоочулар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу процедураларга дал келүүсүн карашат. Алынган маалымат социалдык тармактар аркылуу калктын арасында таратылат.
  • Бишкекте жана аймактарда элдин кабардар болушун жакшыртуу үчүн депутаттардын катышуусу менен талкуулар уюштурулат.
  • Мыйзам долбоорлору жана актуалдуу социалдык маселелер боюнча коомдук пикирди жалпы улуттук масштабта изилдөө үчүн бир жылдын ичинде 8 телефондук сурамжылоо өткөрүлдү. 2016-2019-жж. 14 сурамжылоо өткөрүлдү.