Кыргыз Республикасындагы саясий процесстер программасы (Улуттук демократиялык институт, NDI)

Speeches Shim

USAIDдин колдоосу менен НДИ уюштурган коомдук угууда Кызыл Кыя шаарынын тургуну депутаттардан суу маселесин чечүүнү суранып жатат.
USAIDдин колдоосу менен НДИ уюштурган коомдук угууда Кызыл Кыя шаарынын тургуну депутаттардан суу маселесин чечүүнү суранып жатат.
Улуттук демократиялык институт (УДИ)

Бул программанын алкагында, Улуттук демократиялык институт (УДИ) Жогорку Кеңештеги фракцияларга жана депутаттарга байланыш жана түшүндүрүү иштерин жакшыртууга, жарандардын ой-пикирин жана көйгөйлөрүн билүүгө жана көйгөйлөрдү чагылдырган платформаларды иштеп чыгуусуна шарт түзөт. Мындан сырткары, жаштар жана айымдардын саясатка катышуусу боюнча демилгелерди колдойт.

Узактыгы: 2016 – 2021

Бюджет: 10 млн АКШ доллары (консорциум үчүн)

Аткаруучу өнөктөш: Улуттук Демократиялык Институту (УДИ)

Негизги өнөктөштөр: Жогорку Кенеш, парламент фракциялары, парламент мүчөлөрү, ЖМК.

Ишмердүүлүк аймагы: Кыргыз Республикасы

Программа Шайлоо жана саясий процесстерин бекемдөө консорциумунун (CEPPS) үч мүчөсү  тарабынан ишке ашырылат. Бул консорциумдун  мүчөлөрү: Эл аралык республикалык институт (IRI), Улуттук демократиялык институт (NDI) жана Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES).

Программа Шайлоо жана саясий жараяндарды бекемдөө консорциумунун (CEPPS) үч мүчөсү тарабынан ишке ашырылат: Эл аралык республикалык институт (IRI), Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) жана Улуттук демократиялык институт (УДИ).

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Парламенттин жарандар менен байланышы.

УДИ бардык парламент фракциялары жана пресс-кызматы менен мыйзам чыгаруучу органдын ачыктыгын, отчеттуулугун жана камтуусун жогорулатуу үчүн иштейт. Жаранадар жана жарандык коом менен болгон талкуулар жана жолугушуулар парламентке жарандардын муктаждыктарын жакшы реакция кылууга жардам берет. УДИ депутаттар менен жарандардын ортосундагы оор маселелер боюнча диалогго келүү үчүн ЖМКда дебаттарды жана талкууларды өткөрүүнү колдойт.

Саясий процессте жетиштүү көрсөтүлбөгөн группалардын активдүү катышуусу

Улуттук Демократиялык Институт стратегиялык пландаштырууга, коомчулук менен иштөөгө, саясатты жана медиа мамилелерди өркүндөтүүгө жардам берүү менен айым депутаттардын расмий эмес жолугушуусу болуп эсептелген Айым депутаттар форумун чыңдоо үчүн иштеп жатат. УДИ Форумдун аялдардын саясий жашоого катышуусун кеңейтүү, гендердик сезимталдыкты жогорулатуу жана аял-лидерлик жөндөмүн жогорулатуу боюнча артыкчылыктарын кенейтүүгө болгон чечимдерин колдойт.

Ушул программанын алкагында УДИ жаштарды онлайн платформалары аркылуу ар кандай маалымат каражаттарында талкуулоо жана үгүт кампаниялары аркылуу саясий процесстерге катышууга үндөйт.

ТААСИР ЖАНА НАТЫЙЖАЛАР 

Телекөрсөтүүдөгү дебаттар

УДИ КТРК менен биргеликте, президенттикке талапкерлердин ортосунда дебаттарды уюштурууну колдоду. Бул кызматташуу жаңы студия куруу, эл аралык эксперттер тарабынан модераторлорду окутуу жана дебат форматы, суроо түзүү боюнча консультацияларды камтыган. Ошондой эле, УДИ жана КТРК  популярдуу партиялардын саясий позицияларына жана алардын программаларынын аткарылышына арналган "Ой Ордо" ток-шоунун атайын “Саясий талкуу” сериясын чыгарды. Бардык алты парламенттик фракциянын мүчөлөрү жана фракция лидерлери жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берүүгө жана 2015-жылдагы шайлоодо өз фракцияларынын кандай ийгиликтерге жетишкендиги жөнүндө отчет берүүгө, түз ободогу телекөрсөтүүлөргө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын региондорун кыдырышты.

Парламенттин Басма сөз кызматы

УДИ басма сөз кызматкерлери үчүн тренингдерди уюштуруп, парламенттин веб-сайтын жакшыртууга, депутаттардын ишмердүүлүгүн кеңири чагылдырууга жана алар менен түз байланыштарды түзүү максатында көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, жаңы парламенттик радио жана теле долбоорлору башталды. УДИ басма сөз кызматына "Парламентаризм сабактары" аттуу программанын жаңы форматын ачууга жардам берди.  Программанын  алкагында, депутаттар жасалган иштер боюнча маалымат беруу, шайлоочулар менен жолугуу жана көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берүү мүмкүнчүлүктөрүн алышат. Программа Парламенттин Facebook баракчасында жана YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
 

Коомдук угуулар жана комитеттик көчмө жыйындар

УДИнин колдоосу менен парламент мүчөлөрү Кыргызстандын аймактарында коомдук угууларга катышышып, шайлоочулар менен баарлашат. Мындай жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар түрдүү маселелерди козгошот. Депуттар аталган көйгөйлөрдү Жогорку Кеңеште талкуулап, чечкенге аракет жасашат. 2019-жылы депутаттар 26 коомдук угууга катышып, 3,7 миңден ашык жарандар менен жолугушкан. Жолугушуулардын жыйынтыгында эл өкүлдөрү калктын маселелерин чечүүгө көздөлгөн 16 демилге көтөрүштү.

Эксперттик жардам

Саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды башкаруу жана Ысык-Көлдүн айлана-чөйрөсүн коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга УДИ эксперттик жардам көрсөткөн. Ал үчүн атайын түзүлгөн депутаттык жумуш тобуна адистер тандалган. Мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин беш комитеттик угууларынан жана Жогорку Кеңештин жалпы жыйынын биринчи окуусунан өттү. Бул демилге аймакта жайгашкан мейманканаларга көзөмөлдү күчөтүүгө жана жалпы канализация тутумун жаңыртууга багытталган.

Фракциянын жылдык отчеттору

УДИ Жогорку Кеңештеги алты парламенттик фракциялардын иш-аракеттерин чагылдыруучу отчетторду даярдоо долбоорун улантууда. Мындай отчеттордо фракциялардын негизги жетишкендиктери, депутаттардын ишмердүүлүгү жөнүндө статистикалык маалыматтар камтылган. 12 миңден ашык нускадагы буклеттер партиялардын аймактык бөлүмдөрүндө таратылып, фракциялардын эл менен жолугушууларында да колдонулган. 2019-жылы УДИнин колдоосу менен 3 парламенттик фракция өз ишмердүүлүгү жөнүндө видео баян даярдашкан. Баянда фракция лидерлери Жогорку Кеңештин өткөн сессиясында негизги жетишкендиктери жана ийгиликтери жөнүндө айтып беришкен. Видеолор түрдүү социалдык тармактарда чыккан.

Айым депутаттардын форуму

УДИ колдоосунда, Айым депутаттардын форуму беш региондо, 1,2 миң жергиликтүү жаран катышкан алты жолугушуу өткөрдү. Жолугушуулар депутаттарга үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамдын аткарылуусун байкоо жана жарандарга түз байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн берди. Мындай иш-аракеттер депутаттарга жергиликтүү бийлик жана коомчулук менен диалог түзүүдө жардам берип, кабыл алынган мыйзамдардын аксап жаткан жерлерин аныктады. Жергиликтүү калктын көтөргөн маселелери Парламенттин трибунасына чейин жетти.

Ошондой эле, Айым депутаттар форуму Кыргызстандагы аял-затын ыдыктоо көйгөйүнө маани берүү максатында социалдык түйүнгө ылайык тасмаларды жаратууда көмөктөшүп, коомчулукту ыдыктын курмандыгынан сактоо багытында мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. ЖК депутаттар тобу ыдыкка каршы мыйзамды иштеп чыгуу жана илгерлетүү жолдорун изилдөө максатында Грузияга барып келишти. 

Жаштар коомчулукту уюштурууда

УДИ тарабынан, жер-жерлердеги эл-баштаган өзгөрүүлөрдү алып келүүчү демилгелерди жандандыруу максатында, Ош жана Жалал-Абад областтарында жети жаш активист долбоорго тартылды. Жактоочулук жана үгүттү пландоо ыкмаларын мыкты өздөштүргөн жаш активисттер өз коомчулуктарында көчө шам чырактарын, таштанды урналарын, жол белгилерин орнотуу ж.б.у.с. көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Алар коомчулуктун жашоочуларын бириктирип жергиликтүү бийлик менен конструктивдүү диалогго ыктады.