Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге (Медиа-К)

Speeches Shim

МедиаТоптоо-2018 конференциясына атактуу эл аралык адистер чогулду
МедиаТоптоо-2018 конференциясына атактуу эл аралык адистер чогулду
Internews Kyrgyzstan

“Медиа К” – бул кыргызстандыктар үчүн түрдүү жана ар тараптуу маалыматка кеңири жол ачуу үчүн Кыргыз Республикасындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн бекемдөөгө багытталган үч жылдык долбоор.

Мөнөөтү: 2017 – жылдын 1чи октябрынан баштап - 2020 жылдын 31 сентябырына чейин

Бюджети: 6,5 млн АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыргандар: FHI360 жана Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү

Негизги өнөктөштөр: Медиа полиси институту, NTS, TV1KG, Kloop Media, Kaktus Media, Politklinika, Salam Radio, 24.kg, Govori TV, Maral TV, Elgezit, Lubimyi TV

Долбоор камтыган аймак: республика боюнча

 

НЕГИЗГИ БАГЫТТАР 

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) өнүктүрүү боюнча жылыштарга карабастан, аудиторияны менен кирешени көбөйтүү боюнча рыноктук мамилени ишке киргизүү кыйынга туруп жатат. Алар ошондой эле өзүнүн жагымдуу мыйзамдык чөйрөсүн жактоо максатында ар түрдүү кызыкдар тараптар менен иш алып барууда да көйгөйлөргө туш болууда.

“Медиа-К” кийинки чаралар аркылуу ЖМКлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө түрткү берет:

  • тандалган көз карандысыз ЖМКларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү;
  • сапаттуу жана жагымдуу контенттин өндүрүлүшүн каржылоо;
  • журналисттерди жана медианын башка адистерин окутуу;
  • медиакоомчулукту ар жылдык форумда бириктирүү;
  • телекөрсөтүү аудиториясын ченөө системасын киргизүүгө көмөктөшүү;
  • ММК жаатындагы реформаларды жана укуктук сабаттуулукту маалыматтык колдоо.

НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР 

Эки жыл аралыгында долбоор 11 жеке телекомпаниясы, радиостанциялар жана онлайн-редакциялар менен кызматташып келди. Аларга финансылык жактан туруктуу ишкана болуусу үчүн жаңы контент түзүүдө, студияларды жаңыртууда, кызматкерлерди окутууда жардам берип, ментордук колдоо көрсөтүүнү камсыздады. Натыйжада, бул ЖМКлар өз аудиторияларын орточо эсеп менен 31%дан 54%га чейин көбөйтүүгө жетишти. Мына бир нече мисал:

  • НТС берүүнү өз контенти менен толтурган өлкөдөгү алгачкы жеке телекомпаниясына айланды.
  • ЛюбимыйTV жок дегенде 50 пайызы өздүк контент болуш керек деген талпты аткара баштады.
  • МаралТВ жана Салам медиа YouTube жана башка соцтармактарда видео аркылуу көрсөтүү үчүн радиостудияларын жаңы жабдуу менен жабдып, өз аудиторияларын кеңейтүүгө жетишти.
  • Баткендик Салам медиа компаниясы чет жакада жашаган эмгек мигранттарынын акы төлөнүүчү жеке кулактандырууларын жарыялоо сыяктуу жаңы кызматын киргизди. Жарнактан пайда табуу кыйындап калгандан, жергиликтүү ЖМКлар креативдүү чечимдерди ойлоп табууда.
  • TV1KG өз жарнактык кирешесин “Медиа К” колдоосу менен пайда болгон «Вечер трудного дня» аттуу кечки ток-шоусунун эсебинен 50%га жогорулатууга жетишти
  • 2019-жылы “Медиа К” менен кызматташкан төрт ЖМКнын эмгектери Борбор Азиянын 5 өлкөсүнүн регионалдык журналистика сынагында сыйлыктарга ээ болду. Сынак USAID MediaCAMP долбоору тарабынан уюштурулган.
  • ЖМКлар, көз карандысыз студиялар жана башка уюмдар долбоор колдоосунда 89 сааттык жаңы видеоконтенттерди жаратып, 223 макала жарыялады. 23 ЖМК бул роликтерди, сериалдарды же макалаларды өз аянтчасында көрсөтүүгө же кайра басып чыгарышты. Бул рынокто сапаттуу жергиликтүү контентке талап күчтүүлүгүн көрсөтөт.
  • “Медиа К” журналисттер менен ЖМКларды ачык берилмелер (данные) менен иштеп, аларды талдап макала жазууга үйрөтөт. Мындай басылмаларды кадимки макалаларга караганда орто эсеп менен 35%га көбүрөөк көрүшөт экен. Бул көрүнүш көп ресурстарды талап кылган мындай макалалар өзүн актаганын билдирет.
  • 2019-жылы II Индустралдык Медиатоптоо форуму 360 жергиликтүү жана чет өлкөлүк кесипкөй адистерди тарткан өлкөдөгү ири медиа иш-чарасына айланды. Алар ата-мекендик медиа рыногундагы кырдаалды талкуулап, тажрыйба алмашып, жаңы тенденциялар туурасында кеп кылышты. Форум ошондой эле журналисттер жана медиаменеджерлер арасында кесиптик сыймыктануу сезимин күчөтүүгө түрткү берди.
  • Телекөрсөтүү аудиториясын ченөөдөгү биринчи маалыматтар сынактык режимде жеткиликтүү болду. Телекөрсөтүү аудиториясын реалдуу убакытта ченөөгө жардам берген пиплметрлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын 300 үй чарбалыгында орнотулду. Башка мамлекеттер тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, пиплметрлер жана аудиторияны ишенимдүү ченөө аракеттери ички жарнак рыногунун өсүүсүн олуттуу тездетүүгө жол бермекчи.
  • Кыргыз Республикасы "Репортеры без границ" (RSF) дүйнөлүк пресса эркиндигинин индексинде 2018-жылдагы 98-орундан 2019-жылдагы 83-орунга жылып, 15 орундук секирик жасады. Бул отчетко кирген убактан бери, Кыргызстан үчүн бул эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Отчетто бул көрүнүштү учурдагы президент жана мурунку президент ЖМКларга карата соттук доо арыздарын кайтарып алуусу менен байланыштырып келишет. Бул иште «Медиа-К» долбоорунун салымы да зор.