Биргелешип башкаруу программасы

Speeches Shim

Долбоордун жардамы менен Сарахандын Ош шаарындагы мектеби мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга ыңгайлуураак болуп калды.
Долбоордун жардамы менен Сарахандын Ош шаарындагы мектеби мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга ыңгайлуураак болуп калды.
Smail.kg

Узактыгы: 2013-ж. марты – 2020-ж. марты

Бюджети: 11,5 млн АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыруучу: Ист-Вест Менеджмент Институти (EWMI)

Эң негизги өнөктөштөр: КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, КР Юстиция министрлиги, жарандык коом уюмдары, МЦНП, ЦИГО/УДХ, ӨСИ, “Жарандык катышуу” фонду жана Юридикалык клиникалар ассоциациясы

Ишке ашыруу аймагы: республика боюнча

Сайт: www.ewmi-cgp.org

Facebook: www.facebook.com/collaborative.governance.program

Программа социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу, жарандык коом уюмдарынын потенциалын күчөтүү жана калктын кыйла аялуу катмарынын сот акыйкаттыгына жетүүсүн жакшыртуу үчүн жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы эффективдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Программанын алкагында USAID мамлекеттик социалдык заказ механизми аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу боюнча Өкмөттүн күч-аракеттерине көмөктөшөт жана жарандык коом уюмдарынын мамлекеттик саясатты түзүүгө, мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана жарандардын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө кыйла эффективдүү катышуусу үчүн ЖКУлардын потенциалын жогорулатат. Программа ошондой эле жарандык коомдун ичинен чыккан лидерлерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында ЖОЖдорго колдоо көрсөтөт, жарандык катышууну илгерилетүү, жарандык коом уюмдардын ишинин сапатын арттыруу, мамлекеттик саясатка жана реформаларга талдоо жүргүзүү, ошондой эле коомдук кызыкчылык жараткан маселелерге тез арада жооп кайтаруу боюнча демилгелерди колдоо үчүн гранттарды берет. 2017-жылдан баштап программа калктын кыйла аялуу катмарлары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары үчүн сот акыйкаттыгына жетүүнү жакшыртуунун үстүндө Юстиция министрлиги менен иштеп келе жатат.

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Программа жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүгө жарандык коом уюмдарын көбүрөөк тартуу үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” жаңы Мыйзамды иштеп чыгууга колдоо көрсөттү. 2017-жылы мыйзам кабыл алынгандан кийин 2 пилоттук муниципалитет программанын колдоосунда социалдык заказ боюнча долбоорлорду ишке ашырды. Социалдык заказга бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2019-жылы 42,5 млн сомго чейин дээрлик эки эсеге көбөйдү.
  • 2016-жылдан тартып программа түрдүү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерин колдоп келе жатат. Коомдук кеңештер аркылуу жарандык коом өкмөттүн эффективдүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн өкмөт менен кызматташууда. Коомдук кеңештер туруктуу институт болуп калыптана баштагандыктан мамлекеттик органдардын 94% өкүлүн коомдук кеңештердин иши канааттандырат. Коомдук кеңештердин мүчөлөрү да Кыргыз Республикасынын “Ачык өкмөт” өнөктөштүгүнө кошулуу чечимине өзүнүн салымын кошту.
  • Программа “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Мыйзамды илгерилетүүгө жана төрт көмөкчү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгууга багытталган ЖКУнун иш-чараларын колдоого алды. Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги уюмдардын 500дөн ашык өкүлү жаңы мыйзамды ишке ашыруунун жаңы механизмдери менен таанышып чыгышты.
  • 1800дөн ашык аял киши үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун түрдүү иш-чараларына катышты. Программа 2018-2020-жылдар мезгилине гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырууга көмөктөшөт, мында 27 коомчулукта Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттерди (ҮЗАК) колдойт, ҮЗАКтын мүчөлөрү катары 300дөй активдүү жаранды жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүн ишке тартат.
  • Алты жылдын ичинде жарандык коом уюмдары программанын колдоосу менен 85 демилгени ишке ашырды, алар милицияны реформалоого, мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүүгө, жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, мүлктүк укуктарды чыңдоого, коррупция менен күрөшүүгө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана электр энергиясына, сугат суусуна жана жеңилдетилген насыяларга жетүүнү жакшыртууга багытталган.
  • Программа 328ден ашык жарандык коом уюмунун уюштуруу потенциалына, туруктуулугуна жана лидерлигине диагностика жүргүздү жана жүргүзүлгөн диагностикалардын жыйынтыктарынын негизинде түрдүү темаларда тренингдерди өткөрдү. Көпчүлүк адамдар диагностиканы жана тренингдерди абдан пайдалуу болду деп эсептешти жана сунуштамаларды иш жүзүндө колдонушту.
  • Программанын колдоосунда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 23 борбордун 10у ачылды. Бул борборлор 2018-жылы 80 000ден ашык жаранга акысыз юридикалык консультацияларды беришти. Пайдалануучулар ушул борборлорду жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка жеткирип берүүчүлөрүн программанын колдоосунда түзүлгөн төмөнкү сайттан таба алышат: www.legalmap.gov.kg.