Укуктук чөйрөнү жакшыртуу программасы

Speeches Shim

Жарандык коом боюнча эл аралык форумдун катышуучулары Кыргызстандагы жарандык коомду коргоо тажрыйбасы жөнүндө угуп жатышат
Жарандык коом боюнча эл аралык форумдун катышуучулары Кыргызстандагы жарандык коомду коргоо тажрыйбасы жөнүндө угуп жатышат
ICNL

Узактыгы: 2014-ж. октябрь –2018-ж. сентябрь

Бюджет: $800 000 (Кыргыз Республикасы)

Ишке ашыруучу уюм: Эл аралык коммерциялык эмес укук борбору (ICNL)

Негизги өнөктөш: Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы (ЖККБА)

Долбоор камтыган аймак: бүткүл өлкө боюнча

ИШТИН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ

Долбоор укутук анализ берүү, техникалык жардам көрсөтүү, тренингдерди өткөрүү жана   позитивдүү укуктук жана уюштуруу реформаларды колдоо менен менен  граждандык коомдун өнүгүүсүнө жакшы шарттарды түзүү максатында Өкмөт  жана граждандык коом  менен кызматташат. Ошондой эле, долбоор  демократиялык мамлекетте граждандык коомдун ролу жана мамлекет тарабынан жарандарды чечим кабыл алуу процесстерине катыштыруу жөнүндө коомду агартуу аракеттрин колдойт.

Долбоор төмөнкүдөй элементтерди өзүнө камтыйт: 

  • Укуктук чөйрө реформасынын негизги катышуучуларын жана алардын артыкчылыктуу максат-милдеттерин аныктоо;
  • Билим берүү иш-чаралары, эл аралык кызматташуу жана башка демилгелерди ишке ашыруу аркылуу реформанын маани-маңызына жана жүрүшүнө жергиликтүү өнөктөштөрдүн кызыгуусун өстүрүп, билимдерин кеңейтүү;
  • Реформаны жүргүзүүгө керектүү аналитикалык базаны түзүү үчүн изилдөө өткөрүү;
  • Мыйзам долбоорлорун даярдоо жана талкууло учурунда консультацилык колдоо көрсөтүү (мисалы, мыйзам долбоорлоруна салыштырмалуу анализ өткөруу жана ой-пикирлерди берүү);
  • Мыйзамдарды аткарууга багытталган укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга, типтүү жана үлгүлүү документтерди даярдоого көмөктөшүү, ошондой эле жооптуу мамлекеттик кызмат адамдарын окутуу жана укук маселелери боюнча машыктырууларды өткөрүү аркылуу кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын колдоо;
  • Жарандык коом уюмдары өз укуктары менен  милдеттери жөнүндө дайым маалым болуу үчүн аларга юридикалык жардам көрсөтүү;
  • Мыйзамдардын тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүу жана баа берүү;  
  • Жарандык коомдун мамлекеттик саясатты иштеп чыгуудагы жана мамлекет калкка көрсөткөн кызматтарды жакшыртуудагы ролу жөнүндө элдин кабардар болушун күчөтүү.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Долбоор, бөлөк кызыкдар тараптар менен  биргелешип, жарандык коом уюмдарынын  эффективдүү эдвокаси өнөктүктөрүн колдоо менен, аларга тынчтык митингтерди жана адамдардын биригүүгө болгон укугун чектеген дискриминациялык мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын болтурбоо жагынан жардам берди, алардын ичинде 2016-жылы «чет өлкөлүк агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун Парламент тарабынан кабыл алынбашына өбөлгө түздү.
  • Жарандык коомду колдогон мыйзам долбоорлорун, алардын ичинде Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө мыйзам долбоорун илгерилетүү максатында, долбоордун алкагында Кыргызстандын мамлекеттик органдарына консультациялар жана эң мыкты эл аралык тажрыйбалар жөнүндө салыштырмалуу маалыматтар берилди. Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса бул уюмдарга өз ищ-аракеттери аркылуу киреше табууга шарт түзүлөт, жана мамлекеттеги филантропиянын өнүгүүсүнө алып келет.   
  • Жарандык коом уюмдары өз укуктары менен милдеттерин жакшы билип, өз ишмердигин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзө алышы үчүн долбоор тарабынан аларга 16 миң даанадан көп маалыматтык материалдар таратылды.
  • Жарандык коом уюмдарына жана жарандарга 1280ден ашык юридикалык консультациялар берилди. Ошондой эле 160тан ашык жарандык коом уюмдарынын жетекчилери жана юристтери үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана жарандык коом уюмдарынын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу боюнча билим берүү машыктыруулары өткөрүлдү.
  • Программа «Жарандык жигердешүү» фонду менен бирге Мамлекеттик фмнансылык чалгындоо кызматына Кыргызстандын коммерциялык эмес секторундагы тобокелчиликтерди баалоого көмөк көрсөттү. Бул баалоо 2017-жылдын март айында мыйзамсыз жолдор менен табылган акчаларды тазалоого жана терроризмди каржылоого каршы чараларды иштеп чыгуу тобу (FATF) тарабынан Кыргызстандагы кырдаалды баалоо учурунда колдонулат. FATFдын баалоосу Коммерциялык эмес сектордогу чыныгы коркунучтарды аныктоодо жана коммециялык эмес сектордун ишмердүүгүн ашыкча жөнгө  салуудан жана жарандык коомдун ишмердүүлүгүн чектөөдөн качуу үчүн биргелешип негизги жол-жоболорду иштеп чыгууда Өкмөт үчүн да жарандык коом үчүн да маанилүү учур.   
  • Долбоор көпчүлүк мамлекеттик органдарда түзүлгөн коомдук кеңештердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик  органдарынын коомдук кеңештери жөнүндө» мыйзамын аткарууда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө көмөк көрсөтөт жана бул маанилүү жарандык катышуу механизмин күчтөндүрүү максатында бөлөк өнөктөштөр менен кызматташат.