"Ийгиликтүү аймак" долбоору

Speeches Shim

USAID таштандыларды тазалоо сыяктуу кызматтарды өнүктүрүүгө жардам берет.
USAID таштандыларды тазалоо сыяктуу кызматтарды өнүктүрүүгө жардам берет
USAID/KYRGYZ REPUBLIC

Узактыгы: Октябрь 2016-ж. – сентябрь 2021-ж.

Бюджети: 9.5 млн АКШ доллары

Долбоорду ишке ашырган уюм: DAI

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзу, Өнүктүрүү саясат институту

Долбоор камтыган аймак: Жалал-абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустары

USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоору 50 айылдык жана шаардык муниципалитеттер менен кызматташып, алардын ишинин жакшыртуу жана жарандарга көрсөткөн кызматтарды сапатын жогорулаттууга багытталган.  

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор айыл өкмөттөр жана мэриялар колунда болгон каржаттарды колдонуп, башкаруунун ыкмаларын жакшыртып жана өз тургундары менен тыгыз иштеп, элге көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатууга жана элдин ишенимин арттырууга жетише ала турганын тастыктоону көздөйт. Долбоор төмөнкү багыттарда иштейт.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу. Долбоор өнөктөш муниципалитеттерге бюджетти пландаштыруу жана түзүү, ишмердүүлүктү мамлекеттик мыйзамдардын талаптарына жана алдыңкы тажрыйбаларга ылайык башкаруу жана контролдоо менен, тыштандыларды чогултуу жана суу менен камсыздоо сыяктуу негизги кызматтарды жакшыртууга жардам берет.

Жарандардын ишениминин деңгээлин жогорулатуу. Долбоор кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөө процессине жарандардын бардык топторун, анын ичинде аялдарды, жаштарды жана азчылыктардын өкүлдөрүн тартууга умтулат. Жарандар көрсөтүлгөн кызматтар боюнча өздөрүнүн эскертүүлөрү жана сунуштары менен бөлүшө алышат. Ошол эле учурда, аларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан туура нерселерди күтүп талап кылууну үйрөнүшөт.

Туруктуулукту камсыздоо. Долбоор өнөктөш муниципалитеттерде мыкты тажрыйбаларды жүзөгө ашыруу жана өз ара иштешүү аркылуу өзүнүн жетишкендиктерин жайылтуу максатында, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар (ЖӨБ) Союзунун жана башка бейөкмөт уюмдарынын (БӨУ) иштерин илгерилетүүгө жардам берүүдө. Келечекте БӨУлар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык кызматтарды көрсөтөөрү пландаштырылат.


ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Кызматтардын сапатын жогорулатуу

Өнөктөш муниципалитеттер жарандардын муктаждыктарын аныкташып, калкка сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат сунуштоодо. Мисалы:

  • 19 муниципалитетте 27 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болду. Ал үчүн тарифтер туура эсептелип жана башкаруу ыкмалары өзгөрдү. Натыйжада, суу системалардын техникалык абалы жакшырып, суу үзгүлтүксүз берилип калды;
  • Сегиз муниципалитеттин 21 миңге жакын жашоочулары үчүн таштандыларды чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматы жакшырды;
  • 4 муниципалитет көчө жарыктандыруусун уюштурушту, бул 5 миңден ашык жарандардын коопсуздугуна өбөлгө;
  • 14 муниципалитеттерден 2,4 миңде ашык балдар жана өспүрүмдөр спорттук секцияларга, бий жана музыкалык аспаптарды үйрөнүү сыяктуу ийримдерге барышууда. Машыктыруучуларды жана мугалимдерди ишке тартышып, жергиликтүү бийлик бул ийримдерди ийгиликтүү уюштурду. Ошондой эле, бул кызматтардын баасын ата-энелер менен талкуудан кийн аныкташкан.

Жарандардын ишениминин жогорулатуу

Өнөктөш муниципалитеттер жарандар менен тыгыз иштеп, аларды чечимдерди кабыл алууда кеңешүүгө көбүрөөк көңүл бөлүп жатышат. Сурамжылоолор мындай чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын ишениминин деңгээли шаарларда 3 пайызга жана айылдарда 12% жогорулаганын көрсөтүп жатат.

  • 17 муниципалитет калк менен WhatsApp мобилдик тиркеме аркылуу байланыш каналын түзүп, кулактандырууларды жөнөтүп жана түрдүү кызматтар боюнча жарандардын пикирин билип келет. Жашоочулар болсо айыл өкмөтүнө же мэрияга барбай эле, суроо жана сунуштарын айта алышат;
  • Өнөктөш муниципалитеттер билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий жана коммуналдык кызматтар, жергиликтүү бюджет жана башка суроолор боюнча 345 коомдук угууларды уюштурушкан. Ага 18 миңден ашык жаран катышкан.
  • 39 муниципалитет жарандар менен өз ара иштешүүнү жакшыртуу, маалыматтык кампанияларды пландаштыруу жана өзүнүн ишмердүүлүгү, пландаштырылган иш-чаралар туурасында калкты маалымдоо максаттарында коммуникациялык стратегияларды иштеп чыгышты. 

Туруктуулукту камсыздоо

Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз-ара кызматташып, мыкты тажрыйбаларды бири-биринен үйрөнүү менен, өздөрүнүн иштерин илгерилетүүсүнө көмөктөшүүнү улантууда. Өнөктөш муниципалитеттер өз ара катташып, ар кандай жолугушууларда, анын ичинде эң ири “Аймактар форумунда” өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Ошондой эле, алар өз ишин жакшыртуу үчүн ар кандай окуу жана маалымдама материалдарын алышты.