Маалымат Алууга Жол Ачууну Колдоо

Speeches Shim

Узактыгы: 1-октябрь, 2014 – 30-сентябрь, 2017

Бюджет: $3,7 млн АКШ долл. (Борбордук Азия боюнча)

Ишке ашыручу уюм: Интерньюс Нетуорк кенсесинин Кыргыз Респебликасындагы өкүлчүлүгү.

Негизги өнөктөштөр: Kloop Media, Media Policy Institute

Иш-чараларды өткөрүү орду: Кыргызстан, Тажикистан, Казахстан

Долбоор мамлекеттик башкарууну жакшыртуу максатында, жарандык жактан маанилүү маалыматка жарандар үчүн жол ачууга көмөктөшөт.

ИШМЕДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Долбоор жарандар үчүн маанилүү маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну көздөп, төмөнкүдө берилген, бирин-бири толуктаган төрт максат аркылуу ишке ашырылат:

  • Контент иштеп чыгаруу жана бөлүшүү аркылуу бейөкмөт маалымат каражаттарынын атаандаштыгын жакшыртууга багытталган аймактык кызматташууну кеңейтүү.
  • Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жүрүп жаткан санариптик берүүгө өтүүдө көз карандысыз маалымат каражаттарынын туруктуулугун күчөтүү.
  • Калыптанып калган жана “жаңы” медиада ар түрдүүлүктү жана адистикти күчөтүү.
  • Маалымат каражаттары үчүн укуктук жана саясат түзүү чөйрөсүн жакшыртуу.

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР 

Кыргыз Республикасы

  • 2016-жылы, 22-23 сентябрда, экинчи аймактык конференция өттү. Бул иш чара Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандан келген ММК жана бейөкмөт уюмдардын 90 ашуун өкүлдөрү үчүн алаканы бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана санарипке өтүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Эксперттер катышуучуларга аудитория менен иштөө жана аларды өзүнө тартуу боюнча мастер класс өткөрүштү. Бул иш чара тажик бийлигин, Кыргызстанга келип, санариптик телеберүүгө өтүүдө тажрыйба алууга шыктандырды.
  • Социалдык жана медиа инновациялар лабораториясы Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдарды, медиа жана маалымат технологияны бириктирип, долбоорлого жардам берүү максатында каржылык колдоо көрсөттү. Үч мамлекеттин тогуз тобу, эки күндүк иш-чарада, өздөрүнүн ойлорун иштеп жаткан прототиптерге айландырышты. 2016-жылкы конкурстун жеңүүчүсү, Оазис Кыргызстан, балдар үйүнүнөн чыккан балдарга билим алуу жана карьера курууга колдоо көрсөтүү үчүн «BilimBelek» Интернет-сайтын ишке ашырышты.
  • Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандык он төрт журналист, редактор жана продюсерлер, экинчи мамлекеттер ортосундагы алмашуу программасына катышып, “Ынтымак” теле-радио берүү каналында заманбап мультимедиа каражаттарын колдонуу менен контентти өнүктүрүү боюнча билимдерин жогорулатышты.
  • Newsroom 2.0 адистигин жогорулатуу курсу, 2016-жылы, Кыргызстандын эки медиасына заманбап мультимедиалык каражаттарды үйрөнүп колдонууга жардам берди. Эки маалымат каражаттары тең кызыктуу окуяларды жаңы мультимедия аспаптарын жана форматтарын колдонуп, кызыкту маалыматтарды жарыялай баштап, социалдык медиа жана издөө машинасы аркылуу алдыга жылуу стратегиясын өнүктүрө башташты. Мислаы, Zanoza.kgнин барагына апрель-июнь айларында кирүүлөрдүн санынын артканы жарнама берүүчүлөрдү кызыктырып, жарнамага берүү аймагынын 80% сатылды.
  • Долбоор алкагында, Интерньюс уюштурган 50гө жакын вебинарга (12 кыргыз тилинде) 2000ге жакын адам катышты. Акысыз вебинарлар, мультимедия ыкмаларын, профессионалдык техникаларды жана медианы башкаруу стратегияларын, жрегиликтүү жана эл аралык адистерден түздөн-түз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берди. Вебинарлардын жаздырылган видеолору 100,000ден ашык ирет көрүлгөн.
  • “Медиа үндөрдүн ар түрдүүлүгү - Кыргызстан” долбоорунун чакан грантына ээ болгон “Демге-дем” медиа борбору жана Суусамыр ФМ радиосу, Кыргызстандагы финансылык сабатсыздыкты жоюуга арналган мамлекеттик конкурсунда сыйлыктарга татыктуу болушту.
  • Интерньюс жана Институт Медиа Полиси бейөкмөт уюмунун аракеттери менен 2016-жылы декабрь айында болуп өткөн парламенттик угуудан кийин жаңы мыйзамдан ММКда тышкы каржылоону чектеген жоболор алынып, каржылоосуз жабылып калуу коркунучунда болгон альтернативдик көз караштагы ММКлар жабылып калуудан сакталып калды.