Саясий жараяндарды колдоо программасы: Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES)

Speeches Shim

Атасы баласына шайлоонун маанисин түшүндүрүп жатат. Демократия лагеринин бүтүрүүчүлөрү тарткан тасма.
Атасы баласына шайлоонун маанисин түшүндүрүп жатат. Демократия лагеринин бүтүрүүчүлөрү тарткан тасма.
IFES / USAID

Мөөнөтү:  октябрь, 2016-ж. – сентябрь, 2021-ж.

Консорциумдун бюджети: $10 млн

Долбоорду ишке ашырган уюм: Шайлоо системалардын эл аралык фонду (IFES)

Негизги өнөктөштөр: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, Мамлекеттик каттоо кызматы, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү Академиясы

Долбоор камтыган аймак: республика боюнча

Бул программа шайлоо комиссияларынын дараметин күчөтүүгө, ошондой эле жаштардын жарандык сезимдүүлүгүн жана активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Саясий жараяндар программасы шайлоо жана саясий жараяндарды бекемдөө консорциумунун (CEPPS) үч мүчөсү тарабынан ишке ашырылат: Улуттук демократиялык институт (NDI),  Шайлоо системаларынын эл аралык фонду (IFES) жана Эл аралык республикалык институт (IRI). IFES Кыргызстандын негизги иш багыттары:

  • Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) стратегиялык пландаштырууда көмөк көрсөтүү, шайлоо мыйзамдарды жана жол-жоболорду жакшыртуу, шайлоо комиссияларын окутуу жана шайлоочуларды маалымдоодо жардамдашуу;
  • БШК менен биргеликте жол-жоболорду жакшыртуу аркылуу маргиналдык топторду шайлоо жана саясий процесстерге  кошуу;
  • Нейтралдуу техникалык экспертиза көрсөтүү;
  • Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жана анын кызматтарынын сапатын жогорулатуу; 
  • Ар түрдү иш-чаралар аркылуу жарандык аң сезимди жогорулатуу жана шайлоочуларды маалымдоо.

КҮТҮЛГӨН МАЙНАП ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жаштар топторунун бул программанын алкагындагы жалпы демилгеси шайлоо жараянынын кесиптик деңгээлин көтөрөүшү күтүлөт. Бул программа алдыңкы эл аралык тажрыйбаны алып келүү жана укуктук жана процедуралык реформалар аркылуу шайлоо жараянын жана саясий маданиятты модернизациялоону көздөйт.

IFES шайлоо жараянын жакшыртуу, маалыматтардын коопсуздугу, шайлоочуларды каттоо жана идентификациялоо, шайлоочуларды агартуу, шайлоо комиссиялардын ишин күчөтүү боюнча БШК жана МКК менен иш алып барат. Ошону менен бирге программа стратегиялык пландаштыруу, алдыңкы тажрыйбаны үйрөтүү, маалыматты чогултуу жана анализдөөнү жакшыртуу, баалоонун эффективдүү ык-амалдарын табуу сыяктуу иш аракеттер аркылуу БШК жана МККнын ишин өркүндөтүүгө багытталган. IFES БШК жана МККнын өкүлдөрүн башка өлкөлөрдөн тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтөт.  

IFES Кыргыз Республикасында биринчи жолу BRIDGE (демократия, мамлекеттик башкаруу жана шайлоо боюнча эл аралык билим берүү платформасы) тренингдерин уюштурду. “Шайлоо жараянында мүмкүнчүлүгү чектелген  адамдардын укуктары жана гендердик аспектер” жана “Шайлоо чөйрөсүндө менеджмент жана стратегиялык пландаштыруу” темасындагы окуулардан БШК, МККнын кызматкерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген уюмдар жана аялдардын укук коргоочу уюмдары өтүштү.

IFES жаш жарандарды Демократия лагерлерине, Демократия Лагеринин бүтүрүүчүлөрүнүн форумдарына жана Жаш жарандар мектебине катышуусун үндөп келет. Ал жерден жаш жарандар жарандык жана саясий укуктар, эркиндик, медиа сабаттуулук жана жарандык активдүүлүк боюнча билим денгээлин жогорулатууга жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.