Кыргыз Республикасында коомдук телеберүүнү колдоо

Speeches Shim

КТРК заманбап программаларды жана жаңылыктар бөлүмүнө түз чагылдыруучу жабдыктарды алды
КТРК заманбап программаларды жана жаңылыктар бөлүмүнө түз чагылдыруучу жабдыктарды алды

Узактыгы: март 2012 – май 2017

Бюджет: 3,3 млн АКШ долл.

Ишке ашырган өнөктөш: Интерньюс Нетуорктун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү

Негизги өнөктөштөр:  Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы, «Ынтымак» коомдук регионалдык телерадиокомпаниясы 

Долбоор аймагы: Кыргыз Республикасы

Долбоордун негизги максаты – КТРКга жана “Ынтымак” регионалдык коомдук телеканалына так жана бейтараптуу жаңылыктарды чагылдыргууга көмөктөшүү аркылуу маалыматка жол ачуу.

ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

2016-жылдын июнь айынан тарта  долбоор “Ынтымактын” жаңылыктарынын сапатын көтөрүү жана анын туруктуулугу үчүн каражат булактарын көбөйтүүгө багытталган. Долбоор стратегиялык пландаштыруу, аудиторияны изилдөө жана Интернеттеги берүүнү күчөтүү боюнча окутуу аркылуу көмөк көрсөтөт.

КТРК менен кызматташуу маалында, долбоор ишин техникалык, каржылык, функционалдык аудиттердин негизинде жүргүзгөн. Долбоордун алкагында, каналдын кызматкерлери укук маселелери, техникалык ыкмалар, жаңылыктарды алып баруу жана пландоо, менеджмент, коомдук көрсөтүүлөрдүн принциптери боюнча окуудан өтүп, каналдын техникалык мүмкүнчүлүү жана интернет аудиториясы кеңейтилди.

 

КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

“ЫНТЫМАК”

  • "Ынтымактын" журналисттери менеджмент, сүйлөө техникасы, социалдык тармактардагы маркетинг, шайлоону чагылдыруу, иш сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүү, камера менен  иштөө, жаңылыктарды чыгаруу сыяктуу тренингдер аркылуу өзүнүн кесиптик билимин жана жөндөмүн күчөтүштү.
  • Атайын окуудан өтүп, “Ынтымак” менеджмент жана өндүрүш көйгөйлөрүн чечүү үчүн үч жылдык стратегиялык план иштеп чыкты.
  • Жакшыртылган “Ынтымактын” жаңы вебсайтында маалымат алуу оңойлоду.
  • Заманбап программалык камсыздоо менен “Ынтымак” жаңылык чыгарууну санарип форматына өткөрүп, сапатын жакшыртты.
  • Долбоордун кызматкерлерди башкаруу жана менеджмент боюнча кеңеш берүүсү “Ынтымактын” уюм катары бекемдешине салым кошту. Ошондой эле долбоор Ынтымакка финансылык, IT жана PR менеджерлерин жалдоого жана үйрөтүүгө мүмкүндүк берди.
  • Долбоордун алкагында Ош жана Жалал-Абад областтарында өткөрүлгөн “Ынтымактын” аудиториясын изилдөөсү, анын кызыкчылыгын тагыраак көрүүгө жардам берди.

КТРК

  • Интерньюс КТРК үчүн коомчулук менен иштөө боюнча көмөк көрсөттү. КТРКнын Байкоочу кеңеши коомдук көрсөтүүлөрдүн өнүгүшү тууралуу пикирлерди Кыргызстандын алыскы аймактарынын чогултуп турат.
  • КТРК башкаруу жана техникалык аудит, уюштуруу-функционалдык анализден өттү. Алардын негизинде уюштурулган машыгуудан кийин, канал финансылык, башкаруу жана техникалык реформаларды жүргүздү.
  • Интерньюс чакырыган эксперт КТРКнын негизинде 24 сааттык жаңылыктар каналынын концепциясын түздү. “Ала-Тоо-24” жаңы каналы 2016-жылдын 12-сентябрында обого чыкты.
  • Долбоор ОТРК үчүн коомчулук менен байланыш стратегиясын иштеп чыгууга, социалдык тармактарда иштөө жана маркетинг боюнча тренингдерди өткөрүүгө көмөк көрсөттү.
  • Долбоор тарабынан камсыз кылынган заманбап программалык камсыздоонун жана түз трансляция үчүн жабдыктардын жардамы менен ОТРК өзүнүн өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Заманбап программалар финансы бөлүмүнүн ишин да күчөттү.
  • Күчүтүү сервер ОТРКнын сайтын жакшыртып, бир убакытта 5 миң көрүүлөрдү көтөрүүгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле каналдын мобилдик тиркемеси пайда болду.
  • Прайм-таймда чыккан программалар үчүн долбоор жүргүзгөн аудитория изилдөөсү, мониторинг жана контент-анализ алардын чыгарылышын жана мазмунун жакшыртууга жардам берди.
  • ОТРКнын жаңылыктар бөлүмүнүн кызматкерлери аналитикалык журналистика, ал эми вебсайт жана коммерция бөлүмүнүн кызматкерлери маркетинг боюнча тренинг өтүштү.