Демилгелүү жаштар

Speeches Shim

«Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
«Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
IFES / USAID/Kyrgyz Republic

Мөөнөтү: октябрь 2017 – сентябрь 2022.

Бюджети: 4,9 млн АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыргандар: Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнү колдоо программасы (MSDSP KG), Борбор Азия Университети (UCA), Борбор Азиядагы эларалык дебаттык билим берүү ассоциациясы (IDEA CA), Социалдык ишкерлер ассоциациясы (ASE), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду (AKF).

Долбоор камтыган аймак: Сузак району, Жалалабад областы, Кочкор району, Нарын областы, Нарын шаары, Нарын областы

USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Бул долбоор жаштардын жарандык катышуусун жана алардын жумуш базарындагы мүмкүнчүлүктөргө даярдыгын жакшыртуу максатын аркалайт. Анын ичинде, долбоор төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

  • Жаштардын лидердик жана жашоо көндүрүмдөрүн өнүктүрүү.
  • Жаштардын өз коомчулуктарын өнүктүрүүгө катышуусуна көмөктөшүү.
  • Жаштардын адистик жана ишкердик өнөрлөрүн көтөрүү менен алардын жумушчу күчкө катышуусун жогорулатуу.
  • Жаштардын коомдук беделин жакшыртуу.
  • Жаштар саясатынын ишничтүү маалыматтардын негизинде даярдалуусу үчүн ишенимдүү изилдөө базасын түзүү.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 100 мектеп парламенти күчөтүлөт же түзүлөт; алар мектеп окуучуларына демократиялык парламенттик системасын колдонуу менен жарандык көндүрүмдөрүн күчтөтүүгө жардам берет.
  • 100 мектепте жашоо көндүрүмдөр борборлору түзүлүп, окуучулар дебат, драма, медиа клубдарын иштетишет.
  • Жаштар изилдөө аркылуу өз коомчулуктарынын көйгөйлөрү менен муктаждыктарын аныктоого үйрөнүшөт.
  • Коомчулуктарды өнүктүрүү үчүн жаштар аныктаган 90 демилге каржыланат.
  • Жаштарга керек болгон негизги адистик жана жашоо көндүрүмдөрү боюнча 10 курс www.lifeskills.kg сайтына жарыяланат. 
  • Мектеп окуучулары үчүн жергиликтүү жана өлкөдөгү иш берүүчүлөр менен жогорку окуу жайлары катышкан аймактык вакансия жарманкелери уюштурулат. Жергиликтүү жумуш орундары, базар талабындагы жогорку кесиптер тууралуу маалымат берилет.
  • Эларалык компьютер лицензиясынын (ICDL) негизиндеги программа 50 мектептин окуу планына кирет, 75 IT-мугалимдери ICDL стандартында окутулат. Мектептерде 10 ICDL тест борборлору түзүлүп, анын негизинде окуучулар экзамен тапшырып, расмий ICDL сертификатын алууга мүмкүнчүлүк алышат.
  • Ири өнүгүү потенциалына ээ болгон эки экономикалык субсекторду аныктоо үчүн базардык изилдөө өтүп, 900 жаштар тийиштүү адистикке даярдалынат.
  • Жаш адамдардын өздөрүн жумуш менен камсыздоо үчүн 400 жаштар адаттык ишкердикке, 200 жаштар социалдык ишкердикке окутулат. Эң чоң ишеним көрсөткөн 60 бизнес-идея каржылоо алат.
  • Чакан жана өсүп жаткан бизнес ишкерлерге техникалык жардам, устаттык жана инвестиция берип, алардын ишканаларын өнүктүрүүгө, туруктуу өсүшүнө кепилдик берүү үчүн Accelerate Prosperity ишкана ылдамдаткычы Нарын менен Ошто ачылат.
  • Демилгелерин аткаруудагы жаштардын жетишкендиктери сыйлык берүү аземдери жана жана массалык маалыматтык каражаттары аркылуу коомчулукка билдирилет.
  • Жаштардын көйгөйлөрүнүн, келечектен күтүүлөрүнүн, аны менен бирге жаштардын өзгөчө социалдык жана экономикалык индикаторлорун тастыктоо базасы түзүлүп, “Кыргызстанда жашоо” аталган изилдөөнүн жаштар бөлүмүнө кошулат. Изилдөөнүн жыйынтыктары кызыкдар тараптарга жеткирилип, жаштарга багытталган саясый диалогду колдоого сунуштар аныкталат.