Speeches Shim
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү аракетинде 125 жаңы жол көрсөткүч жана көчөлөрдүн карталарын орнотууда. Көрсөткүчтөр туристтер шаар ичи жана жаратылыштагы жөө жүрүү жолдорду оңой табуу үчүн түзүлдү. Бул иш-чара Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.
2018-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасындагы көйгөйлөрдү жана региондорду өнүктүрүү стратегияларын талкуулоо үчүн муниципалитеттердин, Мамлекеттик бийликтин борбордук органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Аймактар Форумуна чогулушат.
Жыл сайын 24-мартта Эл аралык кургак учук (туберкулез) менен күрөшүү күнү белгиленет. АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) бул өтө кооптуу инфекциялык дарт менен күрөштө Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен иштеп келет. USAIDдин жардамы менен иштелип чыккан кургак учукту дарылоону жана алдын алууну жакшыртуу боюнча стратегияга ылайык, Кыргыз Республикасы жаңы дарылоо моделин кабыл алып, саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүп жана медицина кызматкерлерине жаңы стимулдарды киргизүүнү улантып жатат.
Берлинде 2018 жлдын 7-11 март күндөрү өткөн ITB Berlin туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын атынан 15 туроператор катышты. Беш күн созулган иш чарада 10 миңден ашуун ишкана жана 186 өлкө өздөрүнүн туристтик сунуштарын көргөзмөнүн зияратчыларына жана потенциалдуу кардарларга көрсөтүшүп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) өлкөдө туризмди өнүктүрүү аракетинде Кыргызстандын делегациясы үчүн көргөзмөдө орун ырастоо боюнча уюштуруу иштерин алып барды.
Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы эки башталгыч мектептин 230дан ашык окуучулары жана алардын ата-энелери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган китеп окуу боюнча иш-чарага катышууда. Бул иш-чаранын алкагында чогуу китеп окуу, конкурстарга катышуу жана Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театралдык постановкаларды көргөзүү каралган. Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана балдардын китеп окууга кызыгуусун жана китепти сүйүүнү тарбиялоодо ата-энелердин ролунун маанилүүлүгүн баса белгилөө.
Эл аралык аялдар күнүнө карата АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) айыл-чарбадагы аялдардын жетишкендиктерине арналган жолугушуу уюштурууда. Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облусттарынан келген аял ишкерлер жана агроөндүрүүчүлөр өздөрүнүн ийгилик баяндары менен бөлүшүшөт. Бул аялдар USAID Агро горизонт долбоору менен өнөктөштүк түзүп иштешүүдө. Долбоордун максаттарынын бири Кыргыз Республикасында аялдардын арасындагы ишкерликти колдоо болуп саналат.
Өткөн жылы, АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) бир нече айыл-чарба жана тигүү ишканаларына өз өндүрүмдөрүн экспорттоо боюнча 6 млн АКШ долларлык келишимдерге жетишүүгө көмөктөштү.
8-февралда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Саламаттык сактоо министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине кургак учук боюнча 2,2 миң нускада басылып чыгарылган жаңы окуу китебин тапшырды. Бул студенттер үчүн кургак учук (туберкулез) боюнча Кыргыз Республикасына жана Борбордук Азияга таандык болгон маалыматты жана анализди камтыган биринчи окуу китеби. Китеп алдыңкы эл аралык деңгээлде жазылып, бул өтө кооптуу илдет жөнүндө соңку маалыматтарды камтыйт.
Кыргызстандык гиддер 70 өлкөдөн 200 миң гиддин башын бириктирген Дүйнөлүк гиддер ассоциациялар федерациясынын (WFTGA) сертификациясына ээ болушту. Кыргызстандык 31 гид АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен WFTGA адистери өткөргөн окуудан кийин сертификат алышты. Сертифкаттарды алган жергиликтүү гиддер эл аралык деңгээлде кызмат көрсөтүп, Кыргызстанды туристтерге жагымдуу өлкө катары калыптанышына жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошушат.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.