Speeches Shim
19-апрелде Вице-премьер-минстр Замирбек Аскаров, Чүй облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимов жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу Чүй облусунда жаңы тигүүчү фабриканын расмий ачылыш аземине катышышты. Бул фабрика эл аралык стандарттарга жооп берген кийим тигип, 350 кишини жумуш орундары менен камсыз кылат. Заманбап фабриканы “Кул Брос” (Cool Bro’s LLC) компаниясы АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) менен кызматташтыкта ишке киргизди.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жыл сайын өлкөдө 500дөй кишинин өмүрүн алып кеткен жугуштуу оору – кургак учук менен күрөшүүдө ири прогресске жетишкенин билдиришти.
Мындай билдирүү бүгүн, Бишкек шаарында, “Кургак учукту көзөмөлдөө боюнча акыркы беш жыл ичиндеги жетишкендиктер” аттуу конференцияда жасалды. Бул иш чарага 250гө жакын бийлик өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Бүгүн АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргыз Республикасы боюнча 900 мектепке 110 257 балдар китебин тапшырды. Ал китептердин арасында 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги аталыштар: жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер. Китептердин баары USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында басып чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана USAID өлкөдө кургак учуктун эпидемиясы менен күрөшүүдөгү алга жылуулар жөнүндө жарыялашты, анткени дарылоонун өмүр үчүн маанилүү жаңы ыкмалары кургак учуктун оор түрлөрү менен жапа чеккен бейтаптар үчүн жаңы дары-дармектерди жана дарылоо курстарын киргизгенден кийин эки жылдан соң көптү убада кылган жыйынтыктарды көрсөтүп жатат.
Бүгүн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен «Оазис Агро» компаниясы Ош шаарында тоок жана мал-жандыктар үчүн тоют заводун ачышты. Заводдун ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев менен USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүндө экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гэри Шу катышты.
8-декабрда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Үч-Коргон айылында жайгашкан кургатылган жемиштерди чыгаруучу цехке барды. USAIDдин башчысы Гэри Линден менен бирге Премьер-министр жемиштерди кургатып жергиликтүү жана эл аралык рынокторго саткан ишкананын иши менен таанышты.
Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу Ош шаарындагы «Алайку Органикс» компаниясына тиешелүү сүттү кайра иштетүүчү жаңы заводдун ачылыш аземине катышышты. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ачылган жаңы ишкана Кыргызстандын түштүгүндө иштеп жаткан эң чоң сүттү кайра иштетүүчү ишканага айланат. USAID бул өндүрүштү кеңейтүү аркылуу жергиликтүү дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө умтулат, анткени дыйкандар жаңы ишканага күнүнө 5 тоннага чейин сүт тапшыра алышат.
2018-жылдын 5-ноябрында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын 50 муниципалитетинин өкүлдөрү Бишкек шаарында Аймактар форумуна чогулушат. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган төртүнчү форумдун жүрүшүндө жергиликтүү лидерлер, мамлекеттик кызматкерлер, бизнес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Форум Hyatt Regency мейманканасында (Абдрахманов көч., 191) саат 10.00дөн 16.30га чейин өтөт.
17-18-октбярда 35 ашуун Кыргызстандын ишканларынын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Ташкентте өтүүчү сегизинчи Борбор Азиялык соода форумуна катышат. USAIDдин жардамы менен бир катар кыргызстандык ишканалар бул форумдагы продукция көргөзмөсүнө да катышат. Форум USAID жана Өзбекистан Өкмөтү тарабынан уюштурулуп жатат.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.