Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

25-11-2020 07:00

АКШнын Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүүдө көмөктөшүү алкагында, 25-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй облусунда жана Ошто жайгашкан беш ооруканага алты жогорку өндүрүмдүү кычкылтек концентраторун орнотту. Алар ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19 айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет. Бул жабдууну расмий тапшыруу аземи АКШ элчиси Дональд Лунун катышуусу менен бүгүн онлайн режиминде өттү. 

Концентраторлор Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Улуттук госпиталда (анын ичинде ардагерлер үчүн ооруканада), Чүй облустук ооруканасында жана Ош шаардык клиникалык ооруканасында орнотулган. Бул жерлер болушунча көп бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу максатында КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешүү аркылуу тандалып алынган.

Долбоор беш жылдын ичинде 19 миң жаңы жумуш орун түзүүнү жана кыргызстандык чакан жана орто ишканалардын соода көлөмүн 39 миллион АКШ долларына көбөйтүүнү көздөйт.
25-09-2018 06:45

Бүгүн, 25-сентябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы «Конкуренттүү ишкана» аттуу жаңы беш жылдык долбоордун бет ачарын өткөрдү. Долбоордун бюджети 22,7 миллион АКШ долларын түзөт. Бишкекте өткөн долбоордун ачылыш аземине торага Жогорку Кенеш Дастан Жумабеков, Айыл-чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев,  Экономика министрлигинин статс-секретары Айдин Шаршеев жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башчысы Гэри Линден катышты.

“Жаш жаран мектеби” жаштар үчүн өз коомчулугун жакшыртуу боюнча керектүү байланыштарды түзүү боюнча жакшы платформалардын бири.
13-09-2018 02:30

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү “Жаш жаран мектебин” өткөрдү. Август айында 18-жаштан 28-жашка чейинки 140 жаштар жарандык жоопкерчиликти жана жаштардын өз коомчулугунда катышуусун жогорулатууга багытталган иш-чараларга катышышты. “Жаш жаран мектеби” Кыргызстандын бардык областарында өттү.

Аталык Групптун негиздөөчүсү Туратбек Укубаев Президент Жээнбеков жана Ош облусунун башчысы Жылкыбаев Узарбекке заводдун өндүрүмүн көрсөтүп жатат.
16-08-2018 03:30

Бүгүн, 15-августта, Ош жана Жалал-абад облустарына иш сапарынын алкагында, президент Сооронбай Жээнбеков Өзгөндөгү тамак-аш майын өндүрүүчү жана сарымсакты кайра иштетүүчү жаңы ишкананы кыдырды. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен «ЭлДан Аталык» ЖЧК ортосундагы биргелешкен инвестициянын негизинде түптөлгөн жаңы ишкана 73 туруктуу жумуш орун түзөт жана жергиликтүү май өсүмдүктөрүн ири көлөмдө сатып алат. «ЭлДан Аталык» бул жылы жергиликтүү фермерлерден 4200 тонна сафлор, соя жана рапс сатып алууну пландаштырууда.

Гибрид жүгѳрү ѳстүрүү
08-08-2018 06:45

2018-жылдын 9-август күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, айылдык агрардык кеңеш берүү кызматтары менен катар бир агроөндүрүүчүлөрү мөмө-жемиш, жашылча-жемиш, жана сүт өндүрүүдөгү заманбап ыкмалары боюнча окутуучу материалдарды алышты.    

Жаш жарандар лагерлерден лидерлик, адам укуктары жана жарандык активдүүлүк жөнүндө жаңы билим алып кетишти.
24-07-2018 06:00

Кыргызстандын булуң бурчунан 120 окуучу, анын ичинде 12 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар адаттагы жайкы Демократия лагерине катышышты. Жаш жарандар лагерлерден лидерлик, адам укуктары жана жарандык активдүүлүк жөнүндө жаңы билим алып кетишти.

Жакынкы айларда, мындан да көп бейтаптар дарылоосун аякташат.
23-07-2018 05:15

Июндун акыркы аптасында USAID менен Кыргыз Республикасы дарыларга кеңири туруктуулугу бар кургак учук (ДКТ-КУ) менен күрөшүүдөгү эбегейсиз жетишкендик жөнүндө кабарлашты. Дарыгерлер жаңы жекече дарылоо режимине өтүп, ДКТ-КУ дартынан айыккан эки бейтап тууралуу билдиришти.

Жаңы ишкана жыл бою 50 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат. 
18-06-2018 03:00

июнь күнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана кыргыз-тажик биргелешкен «Интерфрут» компаниясы Баткен облусунун Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө жаңы цехтин ачылыш аземин өткөрүштү. USAID кургатуучу, кайра иштетүүчү жана таңгактоочу жаңы жабдууларды сатып алууга көмөктөштү. Жаңы жабдуулар өрүк, алма, шабдаалы, гилас, ит мурун, кара өрүк, жаңгак жана башка мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүүк берет. Жаңы ишкана жыл бою 50 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат.

Жаңы ишкана жыл бою 50 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат. 
12-06-2018 10:30

2018-жылдын 12-июнь күнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана кыргыз-тажик биргелешкен «Интерфрут» компаниясы Баткен облусунун Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө жаңы цехтин ачылыш аземин өткөрүштү.

Форумда «бизнес-бизнес» форматында жолугушуулар,  талкуулоолор, презентациялар жана өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.
08-06-2018 00:15

5-6-июнда Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) болжол менен 200 дөй чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлор, сатып алуучулар жана агроишканалары катышкан айыл-чарба соода-инвестициялык форумун өткөрдү. Форумда өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын байланышын күчөтүү жана айыл-чарбасына инвесторлордун кызыкчылыктарын арттыруу үчүн «бизнес-бизнес» форматында жолугушуулар,  талкуулоолор, презентациялар жана өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Pages