USAID менен «Интерфрут» компаниясы Баткен облусунун Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө жаңы ишкананы ачышты

Press Release Shim

Speeches Shim

Жаңы ишкана жыл бою 50 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат. 
Жаңы ишкана жыл бою 50 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат. 
USAID/Кыргызская Республика

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, 12 Июнь, 2018

2018-жылдын 12-июнь күнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана кыргыз-тажик биргелешкен «Интерфрут» компаниясы Баткен облусунун Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө жаңы цехтин ачылыш аземин өткөрүштү. USAID кургатуучу, кайра иштетүүчү жана таңгактоочу жаңы жабдууларды сатып алууга көмөктөштү. Жаңы жабдуулар өрүк, алма, шабдаалы, гилас, ит мурун, кара өрүк, жаңгак жана башка мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүүк берет. Жаңы ишкана жыл бою 50 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат. 

Жаңы ишкананын кубаттуулугу жылына 2400 тонна продукцияны кайра иштетүүгө жарайт. Заманбап кургатуучу жабдуунун жардамы менен компания сатып алуучулар талап кылган нымдуулуктун деңгээлин сактай алат. Ишке кирген биринчи жылында компания 950 тоннадан ашык кургатылган жана жаңы бышкан мөмө жемиштерди сатып алууну пландаштырууда. Анын негизинде сырье тапшырган 470тей жергиликтүү фермер пайда көрө алат. Жаңы ишкана Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өстүрүлгөн мөмө жемиштерген болгон рыноктук жана экспорттук талапты күчөтүп, жергиликтүү фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө көмөктөшөт.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер өлкөнүн айыл чарба секторун өнүктүрүү үчүн коммерциялык жактан туруктуу бизнес компаниялар менен узак мөөнөттүү кызматташтык түзүү маанилүү экендигин белгиледи. «Бул долбоор чет элдик өнөктөштөрдү жана алардын капиталын тартып, Кыргыз Республикасында кошумча нарк кошкон дагы бир өндүрүш түзүүгө жана кыргызстандык фермерлер менен экспортчулардын атаандаштыгын жогорулатууга жардамдашты», - деди ал.

«Интерфрут» компаниясынын жаңы ишканасы USAID Агро горизонт долбоорунун алкагында ачылды. Аталган 4-жылдык долбоор Кыргыз Республикасындагы агроөндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн, сатууларынын көлөмүн, жана жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.