You are viewing:
Information released online before January, 2021.
Note: Content in this archive site is NOT UPDATED, and external links may not function. External links to other Internet sites should not be construed as an endorsement of the views contained therein.
You are entering the 2017-2020 Archive for the
United States Agency for International Development web site.
If you are looking for current information, visit www.usaid.gov.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү “Жаш жаран мектебин” өткөрдү. Август айында 18-жаштан 28-жашка чейинки 140 жаштар жарандык жоопкерчиликти жана жаштардын өз коомчулугунда катышуусун жогорулатууга багытталган иш-чараларга катышышты. “Жаш жаран мектеби” Кыргызстандын бардык областарында өттү.
Бул иш-чарага коомдук уюмдардын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешов дагы конок катары катышты. “Мектепте” саясий укуктар жана эркиндик, лидерлик, жарандык катышуу жана медиа сабаттуулук деген негизги темаларды камтылды.
“Жаш жаран мектеби” жаштар үчүн өз коомчулугун жакшыртуу боюнча керектүү байланыштарды түзүү боюнча жакшы платформалардын бири. “Бул жерде ар кандай жаштар чогулушат, бирок алардын баарынын максаты бир – өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүү”, - дейт Бишкек шаарынан келген катышуучу Мухит Мамытов.
Ушундай мектептерди өткөрүүнүн натыйжасында, ар бир коомчулукта жаштардын чакан коомдору түзүлүп, алар жашаган жердеги маселелерди чечүү боюнча ар кандай долбоорлору иштелип чыгууда. IFES катышуучулар арасында конкурс уюштуруп, өзгөчөлөнгөн долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр.
IFES жана USAID жарандык коомду өнүктүрүүдө, демократия жана башкарууну жакшыртууга жардам берүү менен бирге 20 жылдан бери Борбордук Азияда жаш жарандар менен иштеп келет.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.