Flag of Kyrgyz Republic

Пресс-релиздер

Тил: English | Kyrgyz | Russian

Speeches Shim

25-11-2020 07:00

АКШнын Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүүдө көмөктөшүү алкагында, 25-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй облусунда жана Ошто жайгашкан беш ооруканага алты жогорку өндүрүмдүү кычкылтек концентраторун орнотту. Алар ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19 айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет. Бул жабдууну расмий тапшыруу аземи АКШ элчиси Дональд Лунун катышуусу менен бүгүн онлайн режиминде өттү. 

Концентраторлор Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Улуттук госпиталда (анын ичинде ардагерлер үчүн ооруканада), Чүй облустук ооруканасында жана Ош шаардык клиникалык ооруканасында орнотулган. Бул жерлер болушунча көп бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу максатында КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешүү аркылуу тандалып алынган.

Ноябрь айынан баштап, жаңы дарылоо режимдери Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында башталды.
22-12-2017 03:00

Саламаттыкты Сактоо министрлиги жана USAIDдин Challenge TB (“Кургак учукка каршы туруу”) долбоору Кыргыз Республикасы боюнча кургак учуктун (туберкулез) дары-дармектерге туруктуу формасы менен жабыркаган бейтаптарды жаӊы, эффективдүү жана кыска мөөнөттүү дарылоо режимине өткөрө башташты. Дарылоонун жаӊы режими, мурунку стандарттык дарылоого караганда, арзан жана терс таасирлери азыраак.

Заманбап технологиялар менен жабдылган борбор күнүнө 500 тоннага чейин продукцияны сорттоп жана упаковкалай алат.
07-12-2017 00:30

2017-жылдын 30-ноябрь күнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен «Агропродукт Азия» компаниясы Баткен облусунун Кадамжай районунда дүйнөлүк талапка жооп берген мөмө-жемиштерди консолидациялоочу жана упаковкалоочу борбордун ачылыш аземин өткөрүштү.

01-12-2017 00:30

Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, СПИД боюнча республикалык борбор жана башка өнөктөштөр менен бирге СПИД менен күрөшүү күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүдө. Бул иш-чаралар коомчулуктун көңүлүн ден соолук укугуна бурууга багытталган.

USAID тренингтин бардык катышуучуларына онлайн брондоо системасын колдонууда жана өз бизнестерин онлайн мейкиндикте өнүктүрүүдө көмөктөшкөндү улантат.
30-11-2017 05:30

Ноябрь айында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы конок үйлөр жана боз үй лагерлердин ээлери үчүн эл аралык брондоо жүргүзүлгөн вебсайттарда каттоо жана өз бизнестерин өнүктүрүү боюнча бир катар практикалык тренингтерди өткөрдү. Натыйжада Нарын жана Ысык-Көлдө жайгашкан 39 жаңы конок үй жана боз үй лагерлер Booking.com сайтында катталды.

Бул областтагы эң ири кайра иштетүүчү ишкана 155 жаңы жумуш орунду түзөөрү күтүлөт.
22-11-2017 03:30

2017-жылдын 16-ноябрында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана “Фермерс Органик Гарден” ЖЧКсы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мөмө жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы ишкана ачышты. Жаңыланган ишкана ширелерди, консерваланган жашылча-жемиштерди, вареньелерди, кургатылган мөмө-жемиштерди жана томат пастасын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул областтагы эң ири кайра иштетүүчү ишкана 155 жаңы жумуш орунду түзөөрү күтүлөт.

USAID ишканларды жаңылап, жабдууларды орнотуп, эл аралык сапат көзмөл (HACCP) системасын киргизүүгө жана башка нерселерге көмөктөштү.
12-11-2017 22:00

Ошто жаңы иштеп баштаган жемиш кургатуучу жана муздак сактоочу жайлар жергиликтүү дыйкандардан түшүм сатып алууну башташты. Эки жаңы жемиш кургатуучу ишканалар жылына 1,000 тоннадан ашык жемишти кайра иштете алат, ал эми жаңы складдын сыйымдуулугу – 40 тонна алма. Бул ишканаларда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен заманбап, экспортко татыктуу сапатта продукция чыгаруучу кайра иштетүү линиясы орнотулган. Бул жаңы ишканаларга 2 миңден ашуун жергиликтүү үй-бүлөлөр түшүмүн сатып, пайда көрүшү күтүлүүдө.

Жалпысынан гиддер туризм секторунда абдан зор мааниге ээ, анткени алар Кыргызстанга келген туристтерге элчи сымал ролду аткарышат.
03-11-2017 03:15

29-октябрда Кыргызстандын гиддери үчүн эл аралык стандарттар боюнча окуу аяктады. Дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциацияларынын федерациясынын (WFTGA) мүчөлөрү 39 катышуучуга саякаттарды пландоо, гиддер катышкан турларды өткөрүү, туристтик жайларга байланыштуу маданий жана тарыхый маалыматтарды издөө боюнча ыкмаларды үйрөтүштү. Бул тренингди АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аракетинин алкагында уюштурду.  

Күнөсканалардын жалпы аянты 1800 м2 түзөт
04-10-2017 22:30

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Ош жана Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорундагы он беш фермер аялдарга жашылчаларды күнөсканада өндүрүүнү жолго коюуга жардам көрсөттү. Жалпы аянты 1800 м2 түзгөн бул күнөсканаларда, аялдар сезон аяктаган маалда сатыкка алып чыгуу максатында бадыраң жана помидорлорду өстүрүүнү пландаштырып жатышат. Бул кызматташуулар айыл-чарба секторунда аялдардын ишкердигин колдоо менен бирге, зарыл болгон кошумча киреше табууга жана базарда жашылчалар азайган кезде жергиликтүү калкты камсыздап туруу аркылуу алардын тамактануу рационун жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

26-09-2017 03:00

2017-жылдын 29-сентябрында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчөтүү жана адардын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу маселелерин талкуулоо максатында форум уюштуруп жатат. Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттеринин, жергиликтүү кеңештеринин жана жарандык коом уюмдарынын, КР Өкмөт аппаратынын жана эл аралык уюмдардын 120га жакын өкүлү мыкты тажрыйба менен бөлүшүү жана талкуулоо үчүн чогулушат.

Pages