USAID жана «Оазис Агро» Ош шаарында заманбап кошмо тоют заводун ачышты

Press Release Shim

Speeches Shim

Жалпы көлөмү 820 миң АКШ долларынан ашкан бул инвестициялар жаңы 20 жумуш орун түзүүгө жардамдашат жана болжол менен 1,5 миңдей кожолукка пайда алып келет.
Жалпы көлөмү 820 миң АКШ долларынан ашкан бул инвестициялар жаңы 20 жумуш орун түзүүгө жардамдашат жана болжол менен 1,5 миңдей кожолукка пайда алып келет.

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, 12 Март, 2019

Бүгүн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен «Оазис Агро» компаниясы Ош шаарында тоок жана мал-жандыктар үчүн тоют заводун ачышты. Заводдун ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев менен USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүндө экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гэри Шу катышты.

«Оазис Агро» тоок менен мал-жандыктар үчүн жогорку сапаттуу тоют-жемдерди өндүрүүчү алдыңкы компания. Бул завод бир жылдык өндүрүш кубаттуулугу 7,2 миң тоннага жеткен заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, Кыргызстандагы эң алдыңкы тоют даярдоочу ишканалардын бири.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө, Гэри Шу USAID эзелтеден Кыргызстанда региондорду өнүктүрүүгө дыкат көңүл бургандыгын белгилеп кетти. «Жергиликтүү ишкерлерге көмөктөшүү – региондордо мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүүнүн эң жакшы жолу. Ошондуктан, USAID Президент Жээнбековдун региондорду өнүктүрүүгө багытталган улуттук программасын колдойт», - деди Гэри Шу. 

Жаңы завод «Оазис Агро» ЖЧК менен USAIDдин Агро горизонт долбоорунун ортсундагы биргелешкен инвестициянын негизинде түзүлдү. Жалпы көлөмү 820 миң АКШ долларынан ашкан бул инвестициялар жаңы 20 жумуш орун түзүүгө жардамдашат жана болжол менен 1,5 миңдей кожолукка пайда алып келет.

Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдев, өз сөзүндө USAIDдин Ошто гана эмес, бүткүл Кыргызстан боюнча айыл-чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп кетти.

Өлкөдө сапаттуу жана азыктуулугу жогору тоюттун жеткиликтүүгү кыргызстандык фермерлердин дени сак мал багуусуна шарт түзүп, алардан жасалган продукциянын сапатынын жогорулашына алып келет.

USAID Агро горизонт долбоору – чакан фермердик чарбалар үчүн рынокторду кеңейтүү жана алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу алардын кирешесин көбөйтүүгө багытталган беш жылдык программа. Бүгүнкү күнгө чейин, долбоор 50дөн ашык өнөктөш ишканалардан 30 миллион АКШ долларынан ашык жеке инвестицилардын келишине шарт түздү. Бул инвестициялардын негизги максаты – айыл-чарбадагы кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү жана чакан фермердик чарбалардын кирешесин көбөйтүү, жана ошондой эле импорттолгон товарларды алмаштырып, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп эсептелет.