Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук менен күрөшүүдөгү алга жылуулар жөнүндө жарыялайт

Press Release Shim

Speeches Shim

Дарылоонун жаңы моделдери ооруну дарылоодо көбүрөөк натыйжалуу эле болбостон, ошондой эле бейтаптар үчүн кыйла жөнөкөй дагы.
Дарылоонун жаңы моделдери ооруну дарылоодо көбүрөөк натыйжалуу эле болбостон, ошондой эле бейтаптар үчүн кыйла жөнөкөй дагы.
Оливье Леблан / USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Дүйшөмбү, 18 Март, 2019

Бишкек, 13-март 2019-ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана USAID өлкөдө кургак учуктун эпидемиясы менен күрөшүүдөгү алга жылуулар жөнүндө жарыялашты, анткени дарылоонун өмүр үчүн маанилүү жаңы ыкмалары кургак учуктун оор түрлөрү менен жапа чеккен бейтаптар үчүн жаңы дары-дармектерди жана дарылоо курстарын киргизгенден кийин эки жылдан соң көптү убада кылган жыйынтыктарды көрсөтүп жатат.

Кургак учук менен күрөшүү боюнча Улуттук программанын директору Абдуллаат Кадыров бейтаптардын дээрлик 80%ы көп дарыга туруктуу кургак учукту дарылоонун кыска убакыттагы жаңы ыкмасын колдонуудан кийин ийгиликтүү дарылангандыгын белгилейт, бул  бейтаптардын болгону 53%ын айыктырган дарылоонун мурдагы моделинин жыйынтыктарына салыштырмалуу кыйла жакшыргандыгына күбө болот. Кадыров жаңы дарыларды ичип жаткан кеңири дарыга туруктуу кургак учук (оорунун өлүмгө көбүрөөк алып келүүчү жана дарылоого оор түрлөрү менен жабыркагандар) менен ооруган бейтаптар дагы ийгиликтүү дарылангандыгын кошумчалады.

Жакынкы убактарга чейин кургак учуктун дарыга туруктуу формалары менен жабыркаган көптөгөн бейтаптар күн сайын ийне саюу жана дарылоонун бүткүл мезгилинин ичинде 14 000 таблетканы камтыган эки жылдык дарылоодон кийин дагы, дарылануу мезгилинде өтө көптөгөн кыйыр натыйжалардан жапа чегүү менен оору менен күрөштө алсыз болуп келишкен. Бул дарылоонун жыйынтыктарынын ийгиликтүүлүгү ал кандай кыйын болсо дагы көп дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптардын ичинен болгону бирөөсүнүн гана, кеңири дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган 10 бейтаптын ичинен бирөөсүнүн гана сакайышы болгон.

Дарылоонун жаңы моделдери ооруну дарылоодо көбүрөөк натыйжалуу эле болбостон, ошондой эле бейтаптар үчүн кыйла жөнөкөй дагы. Жаңы дарылардын кыйыр таасирлери азыраак.  Көп дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн дарылануу убактысы кыскараак: 24 айдын ордуна тогуз айдан он эки айга чейин созулат.  

2017-жылы USAID тарабынан каржыланган  “Challenge TB” долбоору жана Кыргыз Республикасынын кургак учук менен күрөшүү боюнча Улуттук программасы ушул жаңы жана дарылоонун жаңычыл ыкмаларын жайылтуу боюнча биргелешкен ишти башташты. Кыргыз Республикасы өзүнүн бардык бейтаптары үчүн дарылоонун жаңы ыкмаларына эркин жана толук жол ачууну камсыздаган дүйнө жүзүндөгү биринчи өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүндөгү кургак учуктун дарыга туруктуулугунун эң эле жогорку деңгээлиндеги 30 өлкөнүн ичине кире тургандыгын эске алганда, ушул жаңы, натыйжалуу дары-дармектер жана дарылоо курстары бүткүл өлкө боюнча миңдеген өмүрлөрдү сактап кала алат.