USAID Кыргызстандын мектептерине 110 миңден ашуун китеп тапшырды

Press Release Shim

Speeches Shim

Бул китептер USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында бериле турган китептердин биринчи бөлүгү.
Бул китептер USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында бериле турган китептердин биринчи бөлүгү.

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, 19 Март, 2019

Бүгүн АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргыз Республикасы боюнча 900 мектепке 110 257 балдар китебин тапшырды. Ал китептердин арасында 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги аталыштар: жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер. Китептердин баары USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында басып чыгарылган.  

Китеп тапшыруу расмий аземине КР Билим берүү жана илим министири Гульмира Кудайбердиева жана Кыргыз Республикасындагы USAID өкүлчүлүгүнүн директору Гэри Линден катышышты.

«Бул китептер балдарды китеп окууну сүйүүгө, окуу адаттарын өрчүтүүгө жана ошондой эле жалпы окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө түрткү беришине ишенебиз», - деди Гэри Линден расмий аземдин ачылышында.

Бул китептер Кыргызстанда эң биринчи татаалдыгы боюнча классификацияланган китептер болуп саналат. Алар атайын электрондук классификация куралынын жардамы менен бааланып татаалдык деңгээлдери аныкталган. Бул мугалимдерге, ата-энелерге жана китепканачыларга  балдардын жаш курагына жана окуу деңгээлине ылайыктуу окуу материалдарын тандоого жардам берет.  

«Министрлик тарабынан бекитилген жумушчу тобу балдар адабияттары менен жаңы тексттерге баалоо жүргүзүп, китептердин окумдуулук деңгээлин аныкташып, аларды басып чыгарууга сунуш кылып жатышат», - деп КР билим берүү министри белгилеп кетти. Министирдин айтымында, бул китептер мектеп китепканаларында сапаттуу китептерин көбөйтүүгө чоң салым кошту.

Бул китептер USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында бериле турган китептердин биринчи бөлүгү. Жалпысынан, USAID 2020-жылга чейин 1,2 млн китеп тапшырууну көздөйт. 

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги менен кызматташтыкта алып барат. Долбоордун эң негизги максаты – өлкө боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү. 2014-жылдан бери USAID 17,5 миңден ашуун башталгыч класстардын мугалимдерин китеп окууну үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары боюнча машыктырып келет. Натыйжада, Кыргызстан бул долбоордун иш-аракеттерине өлкө боюнча 450 миң окуучу камтылган. Бул төрт жылдык долбоордун жалпы бюджети 9,9 миллион АКШ долларын түзөт.

###