Кыргызстандык гиддер эл аралык сертификацияга ээ болушту

Press Release Shim

Speeches Shim

Кыргызстандык 31 гид USAIDдин колдоосу менен WFTGA адистери өткөргөн окуудан кийин сертификат алышты.
Кыргызстандык 31 гид USAIDдин колдоосу менен WFTGA адистери өткөргөн окуудан кийин сертификат алышты.
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Бейшемби, 28 Декабрь, 2017

Кыргызстандык гиддер 70 өлкөдөн 200 миң гиддин башын бириктирген Дүйнөлүк гиддер ассоциациялар федерациясынын (WFTGA) сертификациясына ээ болушту. Кыргызстандык 31 гид АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен WFTGA адистери өткөргөн окуудан кийин сертификат алышты. Сертифкаттарды алган жергиликтүү гиддер эл аралык деңгээлде кызмат көрсөтүп, Кыргызстанды туристтерге жагымдуу өлкө катары калыптанышына жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошушат.

Окутуу учурунда гиддер турларды пландоо жана алып баруу ыкмаларын үйрөнүшүп, маданий жана тарыхый жайлар тууралуу фактыларды изилдөө, сактоо жана айтып берүүнүн башкача жолдорун өздөштүрдү. Андан тышкары гиддер Бишкек шаарынын айланасындагы практикалык турлардын жүрүшүндө презентация, интерпретация жана туристтер тобун башкаруудагы көндүмдөрдү жакшырта алышты.

Катышуучулардын 18и атайын тренингден өтүп, WFTGA уюму өткөргөн ушундай тренингтерди өздөрү өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берген тренер макамына ээ болушту. 

Жалпысынан гиддердин иши туризм үчүн мааниси зор, анткени алар туристтер үчүн Кыргызстандын элчиси катары кабыл алынышат. Бул жылдын башында “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоору Кыргызстандын бардык аймактарынан келген тоо гиддери үчүн да эң ири тренинг өткөргөн болчу.

Бул сертификация Кыргызстанды эл аралык рынокто туристтик өлкө катары жайылтуу боюнча USAIDдин аракетинин бир бөлүгү. Мындан тышкары, “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси” долбоору Кыргызстанга эл аралык туризм көргөзмөлөрүнө катышуусуна көмөктөшүп, саякат тармагындагы көптөгөн блогерлерди жана медиа өкүлдөрүн чакырып, туризм бизнес-ээлерине эл аралык стандарттарды үйрөтүп келет. Бул долбоордун негизги максаты – Кыргызстанда туризм, айыл-чарба, кийим тигүү жана курулуш сыяктуу экономиканын негизги секторолорун күчтөндүрдүү.